Курманбек Акышевдин айтымында, август айында дагы чартердик каттамдар аткарыла турса, сентябрь айынан тарта туруктуу каттамдар ишке кирет деген ишеним бар.
Кыргызстанга туруктуу аба каттамдарын жаңыртууга Россия, Түркия, Казакстан жана Бириккен Араб Эмирлиги даяр эмес. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.
Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов жакында Россия, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги менен каттам ачыла турганын айткан.
"Республикалык штабдын тапшырмасы менен биз төрт мамлекетке 1-августтан тарта каттамдарды жаңылоо сунушу менен кайрылганбыз. Россия эпидемиологиялык абалга байланыштуу 15-августтан 30-августка чейин каттамдарды жаңылоо маселесин карап чыгууну убадалады. Казакстанда абал биздегидей эле болгондуктан, алар макулдугун бере элек. Түркия Кыргызстана учууга даяр, бирок ал үчүн биз коңшу өлкөлөр менен чек арабызды ачуубуз зарыл", — деди Акышев.
Анын айтымында, август айында дагы чартердик каттамдар аткарыла турса, сентябрь айынан тарта туруктуу каттамдар ишке кирет деген ишеним бар.