Россия: орточо айлыктын көлөмү жана кайсы кесиптин ээлери көп маяна алары айтылды

3 августа 2020 Россия: орточо айлыктын көлөмү жана кайсы кесиптин ээлери көп маяна алары айтылды

Россияда алты тармакта иштегендер көп маяна, тагыраак айтканда 100 миң рублдан жогору ала турганы белгилүү болду.

Россияда орточо маянанын көлөмү 35 миң рубль деп аныкталды. Бул туурасында РИА Новости Росстат кызматынын соңку жылга карата жасаган иликтөөсүнө таянуу менен билдирди.

Адистер россиялыктарга ири жана орточо уюмдарда төлөнчү эмгек акыларын 2019-жылдын майынан баштап 12 айлыгын эсептешкен. Кээ бир тармактарда 50-60 миңдик маяна алса, башка жагында 25 миң рублга иштегендер дагы бар экени көрсөтүлгөн. Баарын кошуп эсептегенде орточо айлык 35 миң рублди түзгөнү белгиленет.

Ал эми Россияда алты тармакта иштегендер көп маяна, тагыраак айтканда 100 миң рублдан жогору ала турганы белгилүү болду.

Алар төмөнкүлөр:

  • Балыкчылык;
  • Финансы тармагы;
  • Кен казуу иштери; 
  • IT, байланыш жана массалык коммуникация, кесиптик жана техникалык ишмердүүлүк жана илимий иштер менен алектенгендер;
  • Айыл чарба тармагы;
  • Жеңил өнөр жайы. 

Мындай жогорку айлыкты тармактын жетекчилиги эле эмес, жакшы адистер жада калса катардагы жумушчулар дагы алары маалым болду.

sputnik