Уул-келинимди ажыраштырсамбы? Кек сактаган кайнененин каты

2 августа 2020 Уул-келинимди ажыраштырсамбы? Кек сактаган кайнененин каты

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет келининин кылыгына таарынган кайнененин каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы? Жашым элүүдөн өтүп калды. Көп жылдан бери банкта иштейм. Жалгыз балам бар. Жолдошум отуз жыл мурда каза болуп калган. Кийин турмушка чыккан жокмун. Баламды үйлөнтүп, өзүнчө бөлүп койгом. Азыр келин экөө үч баланын ата-энеси болушту. Неберелүү болгон сайын кафелерге той берип, тапканымды неберелеримдин келечегине жумшап келем. Убагында кыйналып калбасын деп бала багуучу жалдап берип жүрдүм. Алар да келиндин мүнөзүнө чыдабай качып кетишет. Келиниме бир жолу жаман сөз айткан эмесмин. Бул милдет кылуу эмес, бирок келинимди ашыкча эле көкөлөтүп алдымбы деп ойлоп калдым.

Ар бир эне баласын мактайт дээрсиздер, бирок чынында балам келишимдүү, боорукер, билимдүү, жаман адаттардан тыш, тамашакөй жигит. Анан үй-бүлөсүнө абдан карамдуу, иштеген иши бар. Бишкектин чок ортосунда үч бөлмөлүү батирде турушат.

Уулумдун жумушу Казакстанда, 15 күн иштеп, 15 күн эс алат. Кезегин тапшырып келерде чек ара жабылып, ошол жакта калып калды. Үч-төрт айдан бери келе албай жатат. Анын үстүнө 15 күн сайын кезекке чыгуусу керек. Алыста сак-саламат жүрсө экен деп ага санааркап жатсам, келиним өнөрүн көрсөтүп чыкты.

"Үч-төрт айдан бери балдар менен жалгызмын. Кыйналып кеттим, ажырашам", — деп чыгыптыр. Энеси менен үйгө келип чыр салып, батирди мага каттаткыла деп айламды кетирди. Балама чалып аны менен да урушуптур. Экөөбүздүн бир таянар тообуз алыста жүргөндө колдоп койгондун ордуна кайра кууратты. Өзүм да ооруп, эми жакшы болдум. Ойлонуп-ойлонбой жаман сөздөрдү көп айтты. Чынын айтсам, жаман көрүп калдым.

Балам үй-бүлөсүнө ай сайын айлыгын салып турат. Акча жагынан көйгөй жок. Үч бөлмөлүү батирде бардык шарты менен жашайт. Алдында машина турат. Неберелерим деле кичүүсү беш, ортончусу алты, улуусу тогуз жашка чыгып, чоңоюп калган. Болгону күйөөсү жанында бала карашпаганына чуу чыгарып жатат.

Балам деле жини келип "кете бер" деп салыптыр. Менин да абдан ачуума тийди. Ушунча жыл иштеп элден укпаган сөздү ушу келинден уктум. Колтугуңдан жылан чыккан жаман экен. Ажыраштыргым эле келип жатат. Бирок сабыр кылайын деп өзүмдү алаксытып, неберелеримдин көзүн кыя албайм. Бир чети келинимди "мейли, мурдуна суу жетсин, кыйынчылыкты көрсүн" деп да ойлойм. Ачууланганым, оор турмушта жашаган, үй-бүлөлүк кордукка кабылган келиндер канча? Мунун кесирленип жатканы кудайга да жакпайттыр.

Мен да жесир болуп, баламды жалгыз чоңойттум. Мейли муну түшүнбөсүн, ушундай кырдаалда жолдошун түшүнүп көңүлүн көтөрүп койбойбу? Биздин кылганыбыз ошого да татыбай калганына ичим туз куйгандай ачышып жаман болдум.

Мен эми ага мурункудай мамиле жасай албайм. Жалгыз келиним менен жаман-жакшы айтышып да жүргүм келбейт. Баламды ортодон кыйнап койбоюн деп корком.

Ажыраштырсам кийин өкүнүп калбаймбы? Балама муну айтардан мурун терең ойлонуп алайын деп жатам. Курбу, туугандар менен да кеңешким келген жок. Бул биздин үй-бүлөлүк маселе. Психолог мага кандай кеңеш берер экен?

Психолог Гүлнара Жасоолова:

— Карантинде үйдө камалып, эркиндик чектелип, элдин баарына эмоционалдык жактан кыйын болду. Үй-бүлөлүк көйгөйлөр, бирин-бири жакындан таанып билүү, пикир келишпестик абдан күч алды. Келиниңиз жөнүндө айтсам, мурда балдарды бакчага берип, өзү ар кандай иштер менен алаксычу. Анан эле үйдө отуруп калды. Балким жаш неме алыста жүргөн күйөөсү тууралуу ар кайсы нерсени ойлонуп жатса керек.

Сиздики да туура. Өзүңүз ооруптурсуз, келинден колдоо күттүңүз. Бирок экөөңөр эки башка жашап, ошол учурдагы бири-бириңердин абалыңарды сезген жок окшойсуңар. Балаңыз алыста кезде чогуу болсоңуздар, балким башкача болмок. Кыргызда "көзгө жакын, көкүрөккө жакын" деген сөз бар. Адамдар алыстаган сайын ортодогу ажырым чоңоё берет.

Маанайыңызга караганда, келин чындап эле катуу айтып коюптур. Бирок сиз аны чакырып алып бет маңдай отуруп сүйлөшсөңүз, таарынычыңызды айтсаңыз, анын көңүлүндөгү нерсени уксаңыз жакшы болмок. Өзүңүз жалгыз бой эне катары балага атанын канчалык керек экенин жакшы билсеңиз керек. Экөө ажырашып кеткенде балдар ортодо чайналат, атасын же энесин сагынып, кор болот.

Бул көйгөйдү тууган-урук, курбуларга айтпаганыңыз жакшы болуптур. Алар да сизге жан тартып, "кетирип ий, эмне кыласың" деп кеңеш бириши мүмкүн эле. Мындайда сиз ого бетер эреркеп эмоция менен шашылыш чечим кабыл алып коймоктурсуз. Эгер келин ошону менен токтоп калбай, дагы бир нерсе дей турган болсо, эптеп көндүрүп, бирге психологго кайрылгыла.

Бирок менимче сиздердин үй-бүлөдө болуп жаткан нерсе пандемия учурундагы туруксуз психологиянын кесепети. Бул күндөр дагы өтөт, ансыз да акырындык менен артта калып бара жатат. Абдан ойлонуп анан чечим кабыл алыңыз.

sputnik