БОЛГОН ОКУЯ: “Апамды тандап кеткен жигитим үчүн өлгүм келди”

31 июля 2020 БОЛГОН ОКУЯ: “Апамды тандап кеткен жигитим үчүн өлгүм келди”

Мен 6 жашымда эле апам экөөбүздү атам таштап кеткен. Ошондон кийин апам мен үчүн жашап, күн-түн дебей иштеди. Апам атамдын жоктугун билгизбей мага ата да, апа да болду. Өзү жебесе да, өзү кийбесе да, мени эч нерседен кем кылган жок. 10 жыл дегенде апамдын эмгеги, тырышчаактыгы менен бутубузга турдук. Апам 10 жыл кыйналса да, акыры “бизнес леди болом, сенин апаң бир чоң фирманы башкарат” деген кыялына жетти. 18ге чыкканда апам жалгыз кызым деп кафелердин бирин мен үчүн гана иштетип, досторумду чакырды. Ал кунү мен үчүн чоң майрам болчу. Себеби, мектепти жаңы бүтүп, окууга тапшырып, студент болгом...

Студент болуп, 2-3-курста курсташтарым окуудан тышкары иштей башташты. Контракттарын өздөрү төлөп, кенен басып, акча кармашат. Апам мен каалаган кийимди алып берет, каяка барбайын дайыма ашыкча акча карматып турат. Бирок, апам убагында ушундай кыйынчылык менен бакканын билип, көрүп туруп, мен дагы иштеп көрүүнү чечтим.

Ошентип, кафелердин биринде официант болуп иштеп калдым. Апама айткан жокмун. Эгер айтсам, макул болбойт болчу. Эртең менен окуйм, түштөн кийин иштейм. Жумушта иштеп жүрүп, чогуу иштеген жигитти жакшы көрүп калдым. Бирок ал мени карап да койгон жок. Эки ай өткөндөн кийин мени менен жакшы сүйлөшуп, жакындай баштады. Бир айдан кийин мени сүйөөрүн айтып, экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп калдык. Экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүзгө эки ай болгондо апам менен таныштырдым. Баленин баары ошондо башталды. Аларды таныштыргандан кийин жигитим менден алыстап, телефонду албай, жолукпай, жумушка да келбей калды...

Атам бизди таштап кеткенден кийин апам бир да эркекке ишенбей, бирин да карап койгон эмес. Жигитим кантип арбап алганын билбейм. Апам менин жигитим менен жүргөнүн билип калдым.

Көрсө ал чоң фирмага кирип иштегиси келчү экен. Апам бир фирманын ээси экенин билгенден кийин мен аркылуу кирем деген максаты болгон. Тилегине жетти. Апамдын башын айлантып, фирмага бир бөлүмдүн башчысы болуп дайындалды.

Экөөнүн мамилесин укканда, үйдөн курбумдукуна кетип калгам. Бир жума депрессиядан чыкпай жата берип, акыры өзүмдү өлтүргүм келди. Дарыдан ичип жатып алдым. Мен жатып алганда курбум келип калыптыр, ал “Тез жардам” чакырып, дарыгерлер ичимди тазалап, араң сактап калышты. Мен ооруканага түшкөнүмдү апам укканда, тиги баланы кууп чыгыптыр...

nazarnews