Меккедеги ажылык зыярат башталып, ага он миңдей адам катышууда

30 июля 2020 Меккедеги ажылык зыярат башталып, ага он миңдей адам катышууда

Зыяратка келгендердин баары коронавируска тест тапшырып, ажылыкка чейин жана андан кийин эки апталык карантин чараларын сактоого макулдугун беришкен.

Сауд Аравиясынын Мекке шаарында мусулмандардын ажылык зыяраты башталды. Быйыл пандемияга байланыштуу чет элдиктерге зыярат кылууга уруксат берилген жок. Бул тууралуу BBC жазды.

Жыл сайын Меккеге ажылык жөрөлгөлөрдү аткарыш үчүн чет мамлекеттерден эки миллиондой мусулман келчү. 2012-жылы зыяратчылар көп катталып, алардын саны 3 миллиондон ашкан. Быйыл 10 миңдей гана адам катышууда. Анын үч миңи падышалыктын жарандары болсо, калган 7 миңи чет элдиктер, иш сапарда жүргөндөр жана студенттер.

Зыяратка келгендердин баары коронавируска тест тапшырып, ажылыкка чейин жана андан кийин эки апталык карантин чараларын сактоого макулдугун беришкен.

Быйыл Сауд Аравиясы Мекке менен Медина шаарларына четөлкөлүк зыяратчылардын ажылыкка келишин чектеген. Быйыл Кыргызстандан ажылык сапарга 6110 адам бармак.

Белгилей кетсек, ажылыктан жыл сайын 5-6 миллиард доллар киреше түшүп, Сауд Аравия падышалыгынын ички дүң продукциясынын 10 пайызын түзөт.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Сауд Аравиясында 270 миңдей адам коронавирус жугузуп алган. Илдет бул өлкөдө 2700дөн көп адамдын өмүрүн алган. Бул Араб өлкөлөрүндөгү эң жогорку көрсөткүч болууда.

sputnik