Өпкө, ашказан, көз... Кыргызстандыктардын кайсы жери көп ооруйт

30 июля 2020 Өпкө, ашказан, көз... Кыргызстандыктардын кайсы жери көп ооруйт

Эң көп катталган илдеттердин сап башында дем алуу органдарынын оорулары турат. Аларга жарым миллиондон ашык кыргызстандык кабылган.

Былтыр Кыргызстанда дарыгерге кайрылган 1 миллион 553 миң кишинин оорусу аныкталып, диагноз коюлган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Эң көп катталган илдеттердин сап башында дем алуу органдарынын оорулары турат. Аларга 531 миңден ашык кыргызстандык кабылган. Экинчи орунда тамак сиңирүү системасынын дарты (188 миң) болсо, үчүнчүдө заара жана жыныс органдарынын илдети (104 миң) турат.

Кыргызстанда көз оорусунан жапа чеккендер дагы аз эмес, маселен, былтыр 98 миң кишиге окулисттер ар кандай диагноз койгон. Андан кийинки баскычта жугуштуу оорулар (93 миң жолу катталган) жайгашкан.

Мындан тышкары, тери ооруларына 77 миң жаран кабылган.

Баса, ар кандай кырсык жана кокустуктардан алган жарааттар менен 87 миң киши ооруканага түшкөн.

Калган оорулар боюнча көрсөткүчтөр 70 миңден төмөн.

sputnik