Кулагыңыздын формасы кандай? (психологиялык тест)

30 июля 2020 Кулагыңыздын формасы кандай? (психологиялык тест)

Физиогномика деген эмне экенин билесизби? Бул адамдын сырткы формасына карап ички түзүлүшүн, мүнөзүн таанууга багытталган илим. Бүгүн адамдын кулагынын формасын карап, мүнөзүн аныктаганды үйрөнөбүз.

“А” формасындагы кулак

Мындай чоң кулактын ээлеринин харизмасы укмуш болот. Алар адамды өздөрүнө тартып турушат. Өзгөчө жигиттер кыздардын, кыздар жигиттердин көңүлүн жакшы бурдурушат. Мындай адамдарды шаңдуу компаниялар коштоп жүрөт. Ар дайым күлүп, позитивдүү жүрүшөт. Ушул касиети менен жактырып жүргөн кишинин сезимин байкабай калышы мүмкүн.

“В” формасындагы кулак

Кулагы созулган яормада болсо, бл адамдын эркиндикке умтулганын көрсөтөт. Алар туруктуу карым-катыштан качышат. Ошон үчүн аларды дайыма бойдок жигиттер менен кыздар коштоп жүрөт. Алар өзгөчө туюмга жана башкаруу касиетине ээ. Бул касиет иштин көзүн таап, бизнес жасоого көмөктөшөт. Мындай адамдар жалгыздык эмне экенин эрте түшүнүп, келечегин эрте ойлонушу керек.

“С” формасындагы кулак

Эгер адамдын кулагы кийинекей болсо, булар чынчыл жана жоопкерчилтүү болушат. Булар өзгөчө жигит менен кыздын ортосундагы мамиледе аныкталат. Алар бири-бирине абдан сылык болушат. Жетекчилер да ушундай кызматкерлеринен кол жууп калбаш үчүн жакшы мамиле жасап, иштөөгө шарт түзүп берет. Булар үчүн мамиле баарынан маанилүү. Бир гана кемчилиги – алар айтканында туруп, аягына чейин күрөшө алышпайт.

“D” формасындагы кулак

Мындай кулактын ээлери мээнеткеч жана эрки күчтүү адамдар болушат. Алытнчы туюму аркылуу баарын алдын ала сезе билеп, кыйынчылыктарды жеңип чыгат. Кээде жөн гана тагдырына баш ийип, турмуштун агым менен жаша беришет. Бирок, турмуштан өз ордун таппай кыйналышат. Айрым учурларда өздөрү байкабай, жакындарынын көңүлүн калтырып да алышат.