Бишкектен Чолпон-Атага кошумча күч катары дарыгерлер жиберилди

29 июля 2020 Бишкектен Чолпон-Атага кошумча күч катары дарыгерлер жиберилди

Вице-премьерге медицина кызматкерлери жетишпей жаткан Чолпон-Атадагы кырдаал тууралуу суроо берилди.

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектен Чолпон-Атага кошумча күч катары медицина кызматкерлерин жана россиялык адистерди жөнөттү. Бул туурасында вице-премьер Аида Исмаилова билдирди.

Ал бүгүн Sputnik Кыргызстан мультимедиалык маалымат борборунда өткөн онлайн-брифингге катышты.

Иш-чара учурунда вице-премьерге медиктер жетишпей жаткан Чолпон-Атадагы кырдаал тууралуу суроо берилди.

"Чынында шаарда медицина кызматкерлери жетишпей жатат. Себеби алардын өздөрүнө дагы коронавирус жугуп, каза болуп калган учурлар дагы бар. Саламаттык сактоо министрлиги Чолпон-Атага дарыгерлердин кошумча командасын жиберди. Андан тышкары, россиялык адистердин тобу дагы жөнөп жатат, арасында реаниматологдор дагы бар", — деди Исмаилова.

Ошондой эле ал өкмөт ар бир жарандын кайрылуусуна көңүл бурууга аракет кылып жатканын кошумчалады.

sputnik