Ысык-Көл биринчи орунга чыкты. Бир күндө 668 адамдан COVID аныкталды

29 июля 2020 Ысык-Көл биринчи орунга чыкты. Бир күндө 668 адамдан COVID аныкталды

Өкмөт вирус жуктургандардын саны акырындык менен азайганына карабастан, мурдагыдай эле иштерди улантуу талабын коюуда.

Бүгүн өлкө аймагы боюнча 668 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

“Алардын ичинен Бишкекте - 118, Ошто - 80, Чүй облусунда - 82, Ош облусунда - 50, Талас облусунда - 24, Нарын облусунда - 15, Ысык-Көл облусунда - 157, Жалал-Абад облусунда - 115, Баткен облусунда 27 киши вирус илештирип алган”, — деди Акматова.

Жуктургандардын арасынан 20 киши медицина кызматкерлери.

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны 34 512ге жетти. Анын ичинен 23 343 киши ооруну жеңип, айыгышты. Тилекке каршы, коронавирус 1 347 кишинин өмүрүн алды.

sputnik