ЖРТдан эң жогорку балл алган Акмарал кайсы окуу жайга тапшырганын айтты

28 июля 2020 ЖРТдан эң жогорку балл алган Акмарал кайсы окуу жайга тапшырганын айтты

Акмарал Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылындагы Эшкул Мурзаев атындагы орто мектепти аяктаган.

Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган Акмарал Нурбек кызы Бишкектеги "Ала-Тоо" эл аралык университетине тапшырды. Бул маалыматты абитуриент өзү тастыктады.

Ал аталган окуу жайдын жаңы технологиялар факультетинин тандап, келечекте IT адиси болууга максат койгонун айтат.

"Бүгүн барып документтеримди тапшырып келдим. Бюджеттик негизде окууга шарт түзүлдү", — деди Нурбек кызы.

Белгилей кетсек, Акмарал Нурбек кызы Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылындагы Эшкул Мурзаев атындагы орто мектепти аяктаган. ЖРТнын жыйынтыгы менен 229 балл алып сап башына чыккан.

Белгилей кетсек, Акмарал жана башка ЖРТдан жогорку упай топтогон бүтүрүүчүлөр бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун колунан алтын сертификат алышты.

sputnik