Мозгачева Виктория Андреевна — өмүр баяны

28 июля 2020 Мозгачева Виктория Андреевна — өмүр баяны

Виктория Мозгачева 1986-жылы 22-мартта туулган. Билими жогорку. 2008-жылы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган. Экономикадагы маалыматтык системалар жана технологиялар адистигин окуган.

Эмгек жолу:

2006-2008 — "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасында перспективдүү өнүктүрүү боюнча инженер;

2008-2009 — "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын экономикалык-пландоо бөлүмүнүн инженер-экономисти;

2009-2011 — "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасында экономикалык-пландоо бөлүмүнүн башчысы;

2011-2019 — "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын директорунун орун басары;

2019-2020 — "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын директору;

28.07. 2020 — Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри.

sputnik