Кыргызстан жакында үч өлкө менен аба каттамын жандантууну пландап жатат

28 июля 2020 Кыргызстан жакында үч өлкө менен аба каттамын жандантууну пландап жатат

Өкмөт башчынын айтымында, биринчи кезекте Россия, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлигине каттам ачылат.

Кыргызстан жакын арада үч мамлекет менен аба каттамын жандантууну пландап жатат. Бул туурасында премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, биринчи кезекте Россия, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги менен каттам ачылмакчы.

“Эл аралык аба каттамдарын жандантуу боюнча штабдын чечими бар. Бул эки тараптуу чечилчү маселе. Учурда Тышкы иштер министрлиги жана башка кызматтар тактап жатат. Жакынкы күндөрү эпидемиологиялык абал жакшырып калса каттамдарды ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт”, — деди Боронов. 

Ошондой эле ал аталган маселе эпидемиологиялык кардаалга жана экинчи тараптын позициясына жараша ишке аша турганын кошумчалады.

sputnik