Москвада теракт жасоону пландаган борборазиялык жаран жок кылынды

27 июля 2020 Москвада теракт жасоону пландаган борборазиялык жаран жок кылынды

Федералдык коопсуздук кызматынын билдиришинче, террорчу Химки районундагы кароосуз гараждан табылган.

Москвада эл көп жүргөн жерде теракт жасоого аракет кылды деп шектелген жаран жок кылынды. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Маалыматта ал Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин жараны болгону айтылат. Федералдык коопсуздук кызматынын билдиришинче, террорчу Химки районунда кароосуз турган гараждан табылган.

"Кармоо учурунда ал автомат менен укук коргоо органынын кызматкерлерине карай ок чыгарган. Ага жооп иретинде атышканда ок тийип мерт болгон", — деп билдирди коопсуздук кызматы.

Окуя болгон жерди тинтүү учурунда АКС-74У үлгүсүндөгү автомат, үч магазин, эки Ф-1 гранатасы жана бир РГД гранатасы табылган.

Кылмышкер Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин жараны экени, Москвада ижарага батир алып жашап жүргөнү аныкталды. Ошондой эле Подмосковьеден анын бир тууганы кармалган. Ал тууганы Сириядагы террорчулар менен байланышып жатканынан шек санап полицияга кайрылган.

Учурда каза болгон террорчу менен иштешкен башка адамдар дагы изделүүдө.

Россиянын Тергөө комитетинин Подмосковьедеги начальнигинин улук жардамчысы Ольга Врадий журналисттерге аталган факты боюнча "укук коргоо органынын кызматкерине кол салуу" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

sputnik