Белдин ичкелиги, кан басым... Ден соолуктун бекемдигинен кабар берчү белгилер

27 июля 2020 Белдин ичкелиги, кан басым... Ден соолуктун бекемдигинен кабар берчү белгилер

Дарыгер кайсы белгилерден улам адамдын ден соолугу мыкты деп айтууга болорун санап берди. Тизмеде белдин жоондугу тууралуу маалымат бар.

Россиялык бегилүү дарыгер Александр Мясников кайсы белгилерден улам адамдын ден соолугу жакшы экенин билсе болорун "Россия 1" телеканалынын эфиринде айтып берди.

Адис төрт көрсөткүчтү санап өткөн. Алар:

  • кан басымы;
  • кандагы холестериндин деңгээли;
  • кандагы канттын деңгээли;
  • белдин жоондугу.

Мясников кененирээк белге токтолду. Эркек кишинин белинин жоондугу 102 сантиметрден, аялдардыкы 88 сантиметрден ашпашы керек. Мындан көп болуп кетсе жүрөк жана негизинен эле ден соолук жабыр тартары белгиленди.

Дарыгердин айтымында, белдин өлчөмүнө толуктарга караганда арык кишилер эки эселеп көбүрөөк көңүл бурушу зарыл. Анткени чоң курсак инсульт, рак жана диабет илдеттерине кептеши мүмкүн.

sputnik