27 июля 2020
Билдирмеге ылайык, министр ооруканадан айыгып чыкты. Учурда аралыктан иштөөдө, жакынкы күндөрү жумушка барат.
Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кызматынан кеткен жок. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда министр иштен кеткени тууралуу жазып чыгышкан.
Өкмөттүн айтымында, министр ооруканадан айыгып чыкты. Учурда аралыктан иштөөдө, жакынкы күндөрү жумушка барат.
Эске сала кетсек, бир нече жума мурда cаламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдон пневмония, орун басары Нурболот Үсөнбаевден COVID аныкталган болчу.