Нурсултан Алтыбаев: "Түштүк Кореяда билим алуунун жолдору көп"

9 октября 2018 Нурсултан Алтыбаев: "Түштүк Кореяда билим алуунун жолдору көп"

Учурда чет өлкөдө билим алган кыргызстандыктардын саны күн санап өсүүдө. Ал эми башка мамлекеттен билим алуу үчүн эмне кылуу керектигин билбей, жол издеп жүргөндөр да аз эмес. Биз бүгүн Түштүк Кореянын борбору - Сеул шаарындагы Ханянг (Hanyang university) университетинен 2 жыл билим алып, эми магистратурага гранттык орун утуп алган мекендешибиз Нурсултан Алтыбаев менен маек курмакчыбыз.

-Нурсултан алгач өзүң тууралуу кыскача айта кетсең...

- Өзүм Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Терек айылында 1989-жылы туулгам. Ата-энем мугалим (азыр пенсияда). Мектепти бүткөн соң Ош мамлекеттик университетинде "Мамлекеттик жана Муниципалдык" башкаруу адистиги боюнча жогорку билим алдым.

-Ал эми Түштүк Кореяда кантип окуп калдың? Эмне үчүн ушул өлкөнү тандап алдың?

-Корея эле эмес, өнүккөн кайсы өлкө болбосун чет жерден билим алып келүү кыялым ОшМУда окуп жүргөндө эле бар болчу. Көп өтпөй Кореяда окуп келүүгө аракет кылдым. Бирок ал кезде маалыматтын аздыгынан кандай жана кантип тапшырса болоорун биле албадым. Акыры өкмөттөр аралык келишим аркылуу Кореяга жумушка барууга аракет кылдым. Себеби жумушка барып анан окууга тапшырууну ойлодум. Кудай насип кылып иштөө үчүн Түштүк Кореяга жөнөп кеттим. Бирок ал жактын мыйзамы боюнча жумушка келген адам иштеп, окууга келген адам окуу менен гана алек боло алат экен. Менде бир гана жол бар эле: ишкана менен түзгөн келишимден баш тартып, Кыргызстанга чыгып келип, андан соң кайра окууга баруу.  

Ошентип, 2013-жылдан тарта Түштүк Кореяда окуп, тарыхы, тили, маданияты менен жакындан тааныштым. Бизге окшош жана биз үлгү ала турган жактарын үйрөнүүгө аракет кылдым.

-Мисалы биз алардан эмнелерди үйрөнсөк болчудай?

-Биз Кореядан же корей элинен үйрөнө турган нерселер абдан көп. Алар дагы биз сыяктуу эле салтты, ырым жырымды карманган эл. Маданият жагынан бир кыйла эле окшоштуктарыбыз бар. Алардан эмгекчилдикти, тактыкты, ачыктыкты, бирөөнүкүнө көз артып, кол салбоону үйрөнүшүбүз керек. Андан сырткары, мамлекет мага эмес, мен өлкөмө жакшы нерселерди кылып беришим керек деген принципти үйрөнсөк. Эч качан бирөөдөн бир нерсе талап кылбай, дайым өзүңдөн баштап, өзүбүз аракет кылганды үйрөнсөк дейм.

-Эми Кореяда бекер окууга мүмкүнчүлүк берген гранттык орунду кантип утуп алганың тууралуу айта кетсең...

-Корея өкмөтү тарабынан берилүүчү гранттык программада быйыл Кыргызстанга 7 квота берилген болчу (магистратурага), ошонун бирөөсүн мен утуп алдым. Магистратурада "Эл аралык мамилелер" боюнча билим алууну чечтим. Ушул адистик боюнча Korean Government Scholarship Program (KGSP) гранттык программасын утуп алдым. Мында бюджеттик негизде окуп, ай сайын 900 доллар стипендия алып турууга болот. Бул программаны утуп алуума себеп, кылган аракетим эле болду деп эсептейм.

Аларда төмөнкүдөй система бар: бокалаврдык окууга мамлекеттик тилди (TOPIK) 3.4 деңгээлде ал эми магистратурага 5.6 деңгээлде билишиң керек. Ансыз эч кандай университетте окууга мүмкүн эмес. Бул жакшы система, Кореяга барып окуйм деген ар бир чет элдик абитуриентке тилин жана маданиятын үйрөтүп калышат. Ушул система аркылуу эле жылына миңдеген жаштар корей тилин үйрөнүүгө мажбур.

А бизде же кыргыз же орус тилин тыңыраак билбей деле университетке кире беришет, анын акыры акча берүүгө алып келет. Себеби ал тил билбесе сабакты кайдан кыйратып окумак эле. Мисалга, бир чет өлкөлүк студент Кыргызстанда 5 жыл окуйт, акырында ал кыргызча же орусча жакшы билбей окуусун бүтүп кетет. Анан ал өз мекенине Кыргызстандан эмнени үйрөнүп кетмек эле? Экинчиден: Мындай система аркылуу миңдеген жаштарга кыргыз тилибизди үйрөтүп калсак болот эле.

-Бизде пара берген учурлар болот деп калдың, Түштүк Кореяда билим берүүчү мекемелерде коррупция барбы?

-Бул өлкөдө билим берүүдөгү коррупция 1960-70-жылдары аябай көбөйгөн экен. Аларда дагы ошол жылдары коррупция так эле азыркы биздегидей гүлдөптүр. Натыйжалуу күрөшүүнүн арты менен азыркы учурда университетте пара берүүнү кезиктирүүгө же андай учурларды угууга да мүмкүн эмес. Өзүм окуп жүрүп кимдир бирөө пара бергенин такыр кездештирген жокмун.

- Кореянын окутуу системасы Кыргызстандан эмнеси менен айырмаланат экен?

Кореядагы окутуу системасын Кыргызстан менен салыштырып кароого деле болбойт. Анткени салыштыра турган жагдайлар жокко эсе. Корея кандай өнүккөн болсо, билим берүүсү дагы толук реформаланган. Европалык стандартта.

- Кореяда окуп, ошол боюнча ал өлкөдө калып калбайсыңбы?

-Окууну бүткөндө Кореябы же башка өлкөбү 1-2 жыл иштеп, тажрыйба топтосом деген пландарым бар. Бирок Кыргызстанга келип, мамлекетимдин өнүгүүсүнө салым кошуу эң башкы тилегим.

- Кореяда окуган жылдары жашоого болгон көз карашың өзгөрдүбү?

-Кореяда окуган жылдары, канчалык көп нерсе үйрөнбөйүн, дагы биле элек нерсем көп экенин түшүндүм. Бирөөгө сын айтып, бирөөдөн ката издегендин ордуна, өзүм менен күрөшүп, каталарымды оңдогонду үйрөндүм. “Жашоо баарына бирдей, болгону аракет кылганыңа жараша үлүшүңдү аласың” деген принципте жашаганды үйрөндүм. Корея мени кандай гана оор кырдаал болбосун оптимисттик көз карашты кармоого жана реформаны өзүңдөн баштоого үйрөттү. Ошондой эле кымбат баалуу машина минип, особнякта жашоо байлык эмес, жашоодо из калтырган байлык экенин түшүндүм.

-Кореяга окууга өтөм дегендерге кандай кеңеш берет элең?

Түштүк Корея өнүккөн сайын дүйнө өлкөлөрүнөн миңдеген жаштар барып окуп жатышат. Окууга өтүүнүн жолдору абдан көп. Мамлекеттик программалар дагы бар. Корея өкмөтү дүйнөнүн 130 мамлекетинен студенттерди гранттык негизде окутуп келет. Ал студенттердин катарын толукташ үчүн Sulk Road, KOICA, POSCO, KGSP, KDI программалары аркылуу билим алууну кеңеш берет элем. Булар тууралуу кеңири маалыматты интернет аркылуу алышса болот.

-Деги эле чет өлкөдө окуш үчүн кандай аракеттер керек?

Чет мамлекетте окуу аракетти экиге болуп карайт элем.

1. Үй-бүлөлүк абал

2. Чындап эле окууга болгон кызыгуу

 Анткени практикада чындап эле кызыккан бирок үй-бүлөлүк абалдын начардыгы же алардын уруксат бербегендигинен чет өлкөгө окууга чыга албай калган жаштарыбыз көп.

Же тескерисинче, баардык шарты бар, бирок кызыгуусу жок учурлар кездешет. Ошондуктан ушул эки жагдай бири-бирине туура келсе калганы аракетке жараша болот деп ойлоймун.

Ал эми атасынын акчасына окуйм деп, кайра окуусун таштап койгон деле балдарды көрдүм. Булар эми эл көзүнө окумуш болгондор же ак сөөктөрдүн балдарында көп кездешет.

-Маегиң үчүн чоң рахмат!

-Сиздерге да ыраазычылык!