Чыгарманы тогуз мусулман өлкөнүн ырчылары кыргыз, босния, албан, араб, азербайжан, күрд, суахили, бенгал жана түрк тилинде аткарышкан.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Стамбулдагы Айя-София музейинин мечитке айланышы тууралуу ырдын клибин Twitter баракчасына жарыялады.
Белгилей кетсек, Түркиянын мамлекеттик кеңеши, өлкөнүн жогорку административдик соту 10-июлда Ыйык София соборун музейге айлантуу боюнча 1934-жылы чыккан чечимди жокко чыгарган. Андан соң Эрдоган соборду мечит катары пайдалануу жарлыгына кол койгонун билдирген. Мындай чечимди ЮНЕСКО, дүйнөнүн бир нече өлкөлөрү жана орус православ чиркөөлөрү өкүнүү менен кабыл алган.
Аталган чыгарманы тогуз мусулман өлкөнүн ырчылары өзүнүн тилинде аткарган. Тагыраак айтканда, кыргыз, босния, албан, араб, азербайжан, күрд, суахили, бенгал жана түрк тилинде ырдашкан.
Кыргызстандын атынан жаш ырчы кыз Бермет Жумабекова улуттук кийимчен отуруп комуз менен ырдаган. Ал чыгарманын башын баштап “Айя-София биз бороон-чапкындан, күндүн ысыгынан сенин көлөкөңө жашынабыз” деген сабын аткарган.
Айя-София — Ыйык София чиркөөсү христиан императору Юстиниан тарабынан негизделип 537-жылы 27-декабрда ачылган. Ал собор миң жылдай христиандар чөйрөсүндөгү эң чоң чиркөө болуп келген. Константинополдун басып алынышы жана Византия империясы кулагандан кийин 1453-жылы собор мечит болуп кайра жасалган. Бирок 1934-жылы түрк мамлекетин негиздеген Кемаль Ататүрк аны музейге айлантып, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде Анкарада өткөн Эл аралык балдар фестивалында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кыргызстандык Бермет Жумабекова менен чогуу ырдап, талантына баа берген.