Жээнбеков: бардык облустарда комплекстүү ооруканаларды курабыз

23 июля 2020 Жээнбеков: бардык облустарда комплекстүү ооруканаларды курабыз

Ушул тапта президент Талас облусун кыдырып жүрөт. Иш сапардын алкагында Жээнбеков бир катар ооруканаларды көрүп чыкмакчы.

Кыргызстандын бардык облустарында комплекстүү ооруканалар курулат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июлда, Талас шаарындагы күндүзгү стационарга барган учурда айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, ушул тапта президент Талас облусун кыдырып жүрөт. Иш сапардын алкагында Жээнбеков бир катар ооруканаларды көрүп чыкмакчы.

"Стационарлар сөзсүз керек. Кыска мөөнөттүн ичинде алар медициналык мекемелердин жүгүн бир топ жеңилдетип, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Бирок биз бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды дагы кура баштайбыз", — деди Жээнбеков.

Андан соң президент 2005-жылдан бери иштебей турган Көк-Ой айылындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратын көрүп чыгып, аны тез арада реконструкциялап чыгуу тапшырмасын берди. Имарат беш блоктон туруп, 160 орундукка ылайыкталган.

Жээнбеков ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында эскирген ооруканаларды модернизациялоо боюнча иштер башталарын айтты.

Медицина кызматкерлери менен баарлашуу учурунда Жээнбеков аймактарга керектүү дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды жеткирүү үчүн жергиликтүү бийлик бардык чараларды көрөрүн белгиледи. Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө негизги кыймылдаткыч күчкө айланган медиктерге ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, ал бир топ убакытка чейин аймакка коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө тоскоол болгон Талас облусунун жашоочуларынын катуу тартиби жана жоопкерчилигине баа берди.

sputnik