22 июля 2020
Михаил Мишустин бүгүн Мамлекеттик Думада сүйлөп жатып азыр Россиядагы бардык илимий-изилдөө мекемелери жаңы вакциналар боюнча иш жүргүзүп жатканын билдирди.
Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин COVID-19га каршы бул өлкөдө иштелип чыккан төрт вакцина адамга коопсуз экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Мишустин бүгүн Мамлекеттик Думада өкмөттүн отчётун берди. Анын айтымында, азыр Россиядагы бардык илимий-изилдөө мекемелери жаңы вакциналардын үстүндө иштеп жатат.
"Бизге азыр 17 илимий борбордун 26 түрлүү вакцина даярдап жатканы белгилүү. "Роспотребнадзор" мекемесинен билдиришкендей, алардын ичинен төртөөнүн коопсуз экени аныкталды. Эки препарат дээрлик даяр болуп калды. Дагы экөө сыноо алдында турат", — деди Мишустин.