Калаа башчысы учурда ооруканаларда 556 орун бош экенин айтты. Бирок дагы деле шаарда абал оор экенин эскертет.
Ош шаарында медицина кызматкерлерине кайрылган бейтаптардын саны эки-үч эсе азайды. Бул тууралуу калаа мэри Таалайбек Сарыбашов брифинг учурунда билдирди.
Шаар башчысы бул статистика эпидемиологиялык кырдаалдын турукташканын кабар бербей турганын айтып, абал дагы деле оор экенин эскертти.
"Соңку эки-үч күндүн ичинде оорунун басаңдаганы байкалды. Мисалы, Тез жардам кызматына күнүнө 250-300 адам чалган болсо, өткөн суткада 117 чалуу түшкөн. Ал эми коронавируска чалдыккандарга кеңеш берген 118 Call-борборуна буга чейин 300-400 кайрылуу болсо, кечээги суткада 147 адам чалган", — деди Сарыбашов.
Ошондой эле ал учурда ооруканаларда 556 орун бош экенин кошумчалады.
Ош шаарында учурда COVID-19 илдетин жуктурган адамдардын жалпы саны 1 470ке жетти. Бүгүн жаңы 34 учур катталды. 660 адам айыгып чыккан, бул оору жугузгандардын 45 пайызын түзөт. Тилекке каршы, шаардын 55 тургуну каза болгон. Анын тогузу коронавирустан, 46сы пневмониядан экени айтылды.