Кыргызстанда бир суткада пневмониядан 77 бейтап көз жумду

17 июля 2020 Кыргызстанда бир суткада пневмониядан 77 бейтап көз жумду

Бүгүндөн тарта Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус менен пневмонияны кошуп бир статистика бере баштады. Ошондо бир сутка ичинде коронавирус менен пневмониядан 83 бейтап көз жумган.

Кыргызстанда өткөн суткада пневмониядан 77 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Буга чейин брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова коронавирус алты адамдын өмүрүн алганын айткан.

Бүгүндөн тарта Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус менен пневмонияны кошуп бир статистика бере баштады. Ошондо бир сутка ичинде коронавирус менен пневмониядан 83 бейтап көз жумган.

77 киши төмөнкү аймактарда болчу:

Бишкек — 33;

Чүй облусу — 7;

Ош облусу — 9;

Талас облусу — 2;

Нарын облусу — 3;

Ысык-Көл облусу — 17;

Жалал-Абад облусу — 11;

Баткен облусу — 1.

sputnik