Бакыт Дегенбаев: “Өз өлкөбүздү өнүктүрүү убактысы келди”

9 октября 2018 Бакыт Дегенбаев: “Өз өлкөбүздү өнүктүрүү убактысы келди”

Бүгүн жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо жана экспортту өнүктүрүү фондусунун жетекчиси Бакыт Дегенбаев менен маек курдук. Бакыт мырза социалдык тармактарда “Кыргыз өнүмүн сатып ал” деген топторду ачып, мекенибизде өндүрүлгөн азык-түлүк, кийим-кечек жана башка товарларды бекер жарнамалап, сатып алуучунун көңүлүн кыргыз өнүмүнө буруу аракетин көрүп келет.

-Бакыт мырза, айтсаңыз кыргыз өнүмүн сатуу аны жарнамалоо тууралуу идея кайдан келип чыкты эле?

-Илгерки союз тарагандан бери кыргыздар жалаң импорт сатып алып атып канча деген өлкөнүн экономикасын өнүктүрүп келдик ушул убакытка чейин. Эми өз мамлекетибизди өнүктүрүүгө убакыт келип жетти.  Өндүрүш алга жылмайынча,  өлкө өнүкпөйт.  Өндүрүш сатылып турса мамлекеттин экономикасы да алга жылары бышык. Мисалы Түркиядан, Кытайдан эмнебиз кем? Бизде да сатыкка чыгаруучу көп нерсе бар. Ушул ойлордун айланасында кыялданып жүрүп, “Кыргызстандын өнүмүн сатып ал” аттуу топ түздүм.

-Бул кыймылдын максаты эмне?

-Топтун эң негизги максаты - сатып алуучунун аң сезимин биздин өнүмгө, кыргыздын продукциясына буруу. Эң биринчиден биз сатып алышыбыз керек. Ошондо гана өндүрүшчү бутка турат, анан экспортту ойлонот. Кытайлар бекеринен айтышпайт да: “Өндүрүш - бул калктын интеллекти” деп. Ошол сыяктуу сатып алуучунун деңгээлин көтөрүү кажет.  

-Сиз түзгөн кыймыл учурда кандай иш алпарат?

Кыймыл деп сиз айтып кеттиңиз. Бул мен үчүн бир аз болсо дагы дем, күч кубат тартуулады, мен муну мактоо катары кабыл алам. Сизге рахмат. Дем берип атасыз.

Эми кандай иш алпарарыбыз тууралуу айта кетсем, социалдык тармактагы сүйлөшүү, талкуудан сырткары ар кайсыл ишканаларга танышуу экскурсияларды өткөрөбүз. Ишканалар менен танышабыз, ийгилик сырларын угабыз, аларга дем беребиз, алардан энергия алып келебиз анан сүрөттөрү менен топко жайгаштырып, эл менен тааныштырабыз.  Биз билбей жүргөн ишканалар бар. Алардын өнүмүн элдерге тааныштырабыз. Ошондой эле "Аракет" деген талкуу клубубуз бар. Ошол жерге өндүрүшчүлөрдү чакырып, ишкананын ийгиликтери, кыйынчылыктары тууралуу сүйлөшөбүз.  Көптөгөн суроолорго жооп алабыз. Бир бирибизди колдоп, дем беребиз.

-Командаңарда канча киши эмгектенет?

Мен түзгөнн кыймылды азырынча өзүм эле алып келем. Бирок күн өткөн сайын бул кыймылды колдоп, жактырган кишинин саны көбөйүүдө.  Жакшы кеңештерин айткандар да жок эмес. Анан бул кыймыл Кыргызстаныбыз оңолуш керек, колдон келет деп ишенген жалпы жарандардын кыймылы десем жаңылбайм.

-Кыргыз товарлары учурда кимдерге, кайсы өлкөгө сатылууда?

Мисалы, Таластын төө буурчагы дүйнөнүн 21 өлкөсүнө экспорт кылынат. Туркиянын 20%ы төө буурчакка болгон муктаждыгын биздин таластык фермерлер камсыз кылат. Бул жакшы жетишкендик. Улуу Британиядан да өзүм Кыргызстанда тигилген джинсы көргөм. Өтө сыймыктануучу нерсе, анткени Евпропанын талаптары өтө кыйын. Демек, бизде ошол талаптарга жооп бере турган ишканалар бар. Акыркы 10 жылда биздин жеңил-өнөр жайдын жеишкен ийгиликтерин бары эле айтып  келатат. Бул биздин феномен, локомотив десем эч жаңылбайм. Мен бир макаладан окуганымды мисал кыла кетейин: “Мурун кыргыздар Маскөөдө кытайдын товарын сатса, азыр болсо кытай кыргыздын кийим-кечегин сатып отурат” дейт. Бул сонун көрүнүш. Кыргызстаныбыздын көп күчтүү жерлери бар. Ошонун барын акыл менен пайдаланып, колдонуп келсек ар бир өлкөгө, ар бир континентке экспорттой турган товар өндүрө алат элек.

-Кыргыз товарларын кайсы мамлекеттерге сатуу планыңызда бар?

Дүйнөдө экология бузулуп келе жатат. Дүйнө элинде таза тамак ашка болгон талап өсүүдө. Ошондуктан кыргыздын тамак-ашына,  товарларына жыл өткөн сайын суроо-талап күчөйт. Ошого даяр болушубуз керек. Азык-түлүк өндүрүүнү көбөйтүшүбүз керек. Жеңил өнөр- жай дагы артта калбайт. Бул дагы бир экспортту өнүктүргөн бир секторубуз.

-Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

-Сиздерге да рахмат!