Өкмөт: пневмония болгондор эми COVID-19га чалдыккан деп эсептелет

16 июля 2020 Өкмөт: пневмония болгондор эми COVID-19га чалдыккан деп эсептелет

Эксперттер коронавирус менен ооругандарды, анын өтүшүп кеткен түрүн жана пневмонияны дарылоо боюнча клиникалык нускаманы иштеп чыкты.

Пневмония менен ооруп калгандар эми коронавирус болгон деп эсептелет. Бул туурасында вице-премьер Аида Исмаилова брифинг учурунда айтты.

Ал Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус боюнча клиникалык нускаманын үчүнчү версиясын бекиткендигин айтты. Муну эксперттер иштеп чыккан. Ал коронавирус менен ооругандарды, илдеттин өтүшүп кеткен түрүн жана пневмонияны стационарда жана амбулатордук түрдө дарылоо алгоритминен турат.

Исмаилованын айтымында, оорунун эл аралык классификациясынын негизинде коронавирустун лабораториялык изилдөө менен аныкталган учуру U07.1 кодуна киргизилген. Ал эми лабораториялык изилдөөнүн жардамы менен аныкталбай, бирок клиникалык жана рентген аркылуу табылган учуру U07.2 кодуна бекитилген.

"Дарылоодо бирдиктүү система болуш үчүн Саламаттык сактоо министрлиги буйрук чыгарды. Анда ооруканадан сырткаркы пневмониянын U07.2 кодуна киргизилери айтылган. Ошентип, пневмония мындан ары коронавирустун болушу деп эсептелмекчи", — деди Исмаилова.

Ал эми коронавирус жана пневмония боюнча статистика бириктирилерин тактаган жок.

Март айынан бери пневмония жалпы 612 кыргызстандыктын өмүрүн алды. Ал эми коронавирус жуктуруп алып каза тапкандардын саны 167 кишини түздү.

sputnik