Пневмония оорусунан бир күндө 74 адам ажал тапты

15 июля 2020 Пневмония оорусунан бир күндө 74 адам ажал тапты

Ошол эле учурда бир күндө өпкөнү сезгенткен оорудан 493 адам айыккан. Ал эми жалпы жонунан 3 415 адам сакайып чыккан.

Өткөн сутканын ичинде пневмония оорусунан 74 адам каза тапты. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 17 адам, калган 57си өлкөнүн башка аймактарында катталды.

Ушуну менен март айынан бери пневмония жалпы 571 кыргызстандыктын өмүрүн алды.

Ошол эле учурда бир күндө өпкөнү сезгенткен оорудан 493 адам айыккан. Ал эми жалпы жонунан 3 415 адам сакайып чыккан.

sputnik