Бишкектеги стационарда иштеген 21 жаштагы студент кыз көз жумду

14 июля 2020 Бишкектеги стационарда иштеген 21 жаштагы студент кыз көз жумду

Каза болгон кыздын кесиптешинин айтымында, ал стационарда 11 күндөн бери иштеп жаткан. Абалы кечээ кечинде оорлошуп, тилекке каршы, Адинайды аман алып кала алышкан эмес.

Бишкек шаарында убактылуу стационарлардын биринде иштеп жаткан Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын студенти, 21 жаштагы Адинай Мырзабекова каза болду. Бул тууралуу маркумдун кесиптештери маалымдады.

Аталган фактыны Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.

Кыздын кесиптешинин айтымында, Адинай стационарда медайым болуп иштеп жаткан.

"Керелди кечке коргоочу кийим кийип жүрөбүз. Аны кийип иштөө мүмкүн эмес. Бардыгыбыздын алыбыз кетип, башыбыз айлана баштаган. Кечээ кечинде санитар келип Адинай өзүн жаман сезип жатканын айтты. Бизди окутуп жаткан реаниматолог тез жардам келгиче ага жардам берип турду", — деди ал.

Адинайдын кесиптеши белгилегендей, стационар жеңил жана орточо оор абалдагы бейтаптарга ылайыкташылгандыктан, ал жакта иштегендердин жанында эсине келтирген жана башка керектүү дары-дармектер жок болчу.

"Реанимация Адинай каза болуп калганда келди", — деди маркумдун кесиптеши.

Анын айтымында, 3-июлдан бери аталган стационарда 18 медик иштеп жаткан. Анын төртөө №6 бейтапканадан келсе, калганы Медициналык академиянын студенттери эле. Кыздын сөөгүн катафалк 4-5 сааттан кийин гана алып кеткен.

"Бизди жумушка алып жаткан кайсы жерибиз ооруй турганын сурашкан эмес. Стационарда иш көп, кээде 18 саат эс албай иштейбиз", — деди ал.

Медициналык окуу жайдын жетекчилиги бул боюнча кийинчерээк маалымат берерин айтты.

sputnik