Бүгүн өлкөдө дагы 488 киши COVID жуктуруп алды

13 июля 2020 Бүгүн өлкөдө дагы 488 киши COVID жуктуруп алды

Калаада учурда 12 күндүзгү стационар иштеп жатат. Ал жактан медициналык жардам алып айыккан адамдар каттала баштады.

Акыркы маалымат боюнча өлкөдө дагы 488 адамдан коронавирус аныкталган. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек шаары – 265;
  • Чүй облусу - 37;
  • Ош шаары - 45;
  • Ош облусу - 26;
  • Жалал-Абад облусу - 51;
  • Баткен облусу - 43;
  • Ысык-Көл облусу - 15;
  • Нарын облусу - 4;
  • Талас облусу - 2.

Ушуну менен республика боюнча вирус жуктуруп алгандардын саны 11 117ге жетти.

sputnik