Саламаттык сактоо министри менен орун басары Германияга учуп кеттиби? Расмий жооп

13 июля 2020 Саламаттык сактоо министри менен орун басары Германияга учуп кеттиби? Расмий жооп

Министрден пневмония, орун басарынан COVID аныкталган болчу. Кечээ алар Германияга дарыланууга учуп кеткендиги тууралуу маалымат тараган.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен анын орун басары Нурболот Үсөнбаев дарылануу үчүн чет мамлекетке учуп кеткен эмес. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда алар атайын борт менен Германияга дарыланууга учуп кеткендиги тууралуу маалымат тараган.

Министрлик учурда алар Бишкектеги республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада жаткандыгын билдирди.

Эске сала кетсек, cаламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдон пневмония, орун басары Нурболот Үсөнбаевден COVID аныкталган.

sputnik