Бөлмөгө киргенде өңүм бозоро түштү... Ыктыярчылар ооруканалардагы абал жөнүндө

10 июля 2020 Бөлмөгө киргенде өңүм бозоро түштү... Ыктыярчылар ооруканалардагы абал жөнүндө

Бул – күнүмдүк иштерин бир максат үчүн жыйыштырып, учурда бишкектик медиктердин жүгүн бир аз болсо да жеңилдетүү аракетиндеги футболист кыз, студент-режиссер жана каш чийип иштеген адистин баяны.

"Врач эмесмин, тамчылатма укол коюп, ийне сайганды билбейм. Каржылык жактан жардам берейин десем, колумда акчам жок. Бирок! Медиктерге кол кабыш кылып, аз да болсо алардын ишин жеңилдетүү үчүн ыктыярчы болууга даярмын. Бир нерсе жеткирип же тамак ташый алам...", — деп жазган футболист Айдана Оторбаева бир нече күн оболу Facebook баракчасына.

Ошол эле күнү кечинде аны менен кошулуп, учурдагы абалга кайдыгер карабаган кыргызстандыктар атайын коргоочу костюм кийип, бейтаптарга тамак ташып, палаталарды тазалап, кабаттан кабатка түшүп-чыгып көнө башташкан. Бул материалыбыздын каармандары маалымат каражаттарына чыгууга деле ашыккан жок. Тек гана ушундай кыйын күндө четте карап тура албай, жардамын берүүнү ойлогондор.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы үч ыктыярчы менен байланышып, врач да, бейтап да болбой туруп, эпидемияга ыктыярдуу чакырык таштоо кандай экенин сурап көрдү.

Айдананын чакырыгы

Волонтер Айдана Оторбаева

Айдана Оторбаева 24 жашта. Профессионалдуу спортчу, жеке футболдук мектеби бар. Жакын жашаган жакындары менен улам катташып тургандыктан, ыктыярчылыкка барууга дароо батынбады. Бирок жаңылыктар менен таанышып чыккан соң, ушундай чечим кабыл алды.

"Кабарлардан саламаттык сактоо министринин өкүлү брифинг маалында көзүнө жаш алгандыгын интернеттен көрүп турдум. Ал сүйлөп жатканда адамдар ооруканалардагы башаламандык туурасында комментарийлерди жазып жатышты. Дарыгерлер бейтаптарды кабыл алууга үлгүрбөй жатышыптыр... Аябай жаман акыбалда болдум", — дейт спортчу кыз.

Ошондо Айдана курбусу менен ыктыярчы болууну чечишет. Социалдык медиадагы баракчасына бул боюнча жазганында кайдыгер карабаган башка бишкектиктер да үн кошот.

Ыктыярчы жаштар биринчи күнү калаадагы стационарлардын биринин короосуна барышат. Доктурга көрүнүүгө кезек күткөндөрдүн аягы көрүнбөчүдөй эле... Айрымдары түз байланыш номерлерине чала албагандыктан, врачтардан кеңеш суроого келишсе, кээ бирлери аябай кыйналып жаткан...

"Кырдаал кыйын. Ар бир бейтап өз жаны үчүн күрөшүп жатат, ызы-чуу салганы да жок эмес. Жан берген бейтаптын сөөгү турган бөлмөнүн жанынан өттүм. Аны алып кетчү киши жок, ал эми атайын машина чакыртыш үчүн каражат зарыл. Андай жагдайда врачтар эмне кыла алат?" — деп суроо салат Оторбаева.

Айтымында, бардык кыйынчылыктарга карабай, медиктер чыдап келишет. Ал ортодо ыктыярчыларды чыйралтып, маанайын көтөрүүгө да аракет кылышууда.

"Көптү көргөм дебейм, бирок бул тажрыйбаны эч нерсе менен салыштырып болбойт. Өзүңдү бекем кармоого тырышасың, арийне бул оңой эмес экен. Баарынан кыйыны – бейтаптардын көз карашын көрүү. Үнү титиреп турса да врачтар өздөрүн кармап, ал түгүл тамашалоого да аракет кылышат", — дейт Айдана.

Коргонуучу костюмду кийип жүргөндөрү үчүн эле аларга эстелик тургузса жарашарын, себеби кийгенден жарым сааттан кийин эле дем алууга мүмкүн эмес болуп каларын айтат спортчу кыз.

Волонтер Айдана Оторбаева

Чүмкөнгөн аппак кийимден улам бейтаптар ыктыярчыларды дарыгер, медайымдар деп ойлоп алып, асма укол коюуну суранышат.

"Ооруканаларга медиктер жетишсиз, бирок биз ыктыярчы катары бөлмөлөрдү жыйнап, тамак ташып, медициналык жардам көрсөтүүгө тиешеси жок майда-барат тапшырмаларды аткара алабыз. Азыр жапырт чыгып, бири-бирине көмөктөшүүгө даяр. Болгону баарында эле мүмкүнчүлүк боло бербейт, себеби айрымдарынын үйүндө тобокел тобундагы жакындары, майда балдар бар", — деген оюн билдирет Айдана.

Футболчу бийкеч медиктерге ар бирибиз колубуздан келген жардамды бере аларыбызды айтты. Ал – жок дегенде зарыл иш болбосо тышка чыкпай турганыбыз дейт.

Султан кабылган сыноо...

Волонтер Султан Орозбаев

Султан Орозбаев 22 жашта. Ал сүрөт тартат, Бишкекте кинорежиссерлукту өздөштүрүп жүрөт. Бул жигит да Айдана сыяктуу эле калктын башына каран түн түшүп турганда четте карап тура алген эмес. Ооруканада ыктыярчылык кылуу менен жакындарынын да саламаттыгына коркунуч келтирерин түшүнгөн жигит досунукуна убактылуу көчкөн.

"Үйдө жөн отура албадым, медиктерге кандайдыр бир жардам кылгым келди. Суу, тамак ташып, бөлмөлөрдү тазалап, полду жууп дегендей. Кандай иш болсо да аткарууга болот!" — дейт Султан.

Жеке коргонуу костюмдарын таратардан мурда жаштардан бул ишке киришүүнү чындап эле каалап-каалабагандарын кайра-кайра тактап сурашкан. Султан атайын костюмду киери менен эле биринчи тапшырмасын алган.

"Көз жумган бейтаптын сөөгүн атайын пакетке салып, ороону табышташты. Муну угарым менен үрөйүм учуп, бозоро түштүм. Инстинкт менен дароо кетенчиктедим. Маркумдун сөөгүн эч качан көргөн эмесмин... Менин шеригим мага караганда бул жаатта даярдыгы бар экен. Көздү жуумп тапшырманы аткарууга туура келди... Жаныбыздагы кыз аны көрүп, эсинен танып кала жаздады. Өзүбүзгө келе элек жатып, кийинки ишке кириштик", — деп эскерет жигит.

Кара күч жагынан ишти аткаруу кыйын деле болбогонун, бирок ал моралдык жактан абдан оор экенин жашырбайт. Султан колунан келишинче медиктерге пайда келтирүүгө аракет кылат. "Четте байкап тургандан көрө арасында кайнаган" алда канча жеңил экенин түшүндүрөт.

"Көргөн көзүмө ишенбедим. Дарыгерлер таптакыр тартыш эле. Ар бир экинчи бейтап тамчылатма укол коюуну өтүнөт. Шайы ооп, чаалыккан, алы кеткен медайымдар бейтаптардын баарына үлгүрүш үчүн жанталашат. Пайдабыз аз да болсо тийди деп ойлойбуз, анткени биз жок дегенде бир кабаттан башка кабатка тамак ташууга жарап жаттык", — дейт студент.

Атайын костюм кийген жигитти көп учурда кыз деп ойлоп алышат, анткен себеби ооруканада медициналык кызматкерлердин арасында эркектер абдан аз эле.

"Кыздардын, аялдардын кантип мээнеттенгенин көрдүм. Дал ошолор медициналык персоналдын басымдуу бөлүгүн түзөт. Аларды көрүп таасирлендим десеңиз, эркектерге кайрылсамбы деп да ойлонуп кеттим", — дейт Орозбаев.

Айтымында, врачтар катуу психологиялык кысым алдында, бирок салкын кандуу, сабырдуу болууга аракет кылышууда.

"Кээде бейтаптар жана алардын туугандары чыдабай кетип, ачууга алдырышат. Адамдар коркуп, ызы-чуу салышат, бирок медиктер алардын абалына карап, катуу кетпейт. Эки тарапты тең түшүнүүгө болот", — деп эсептейт ыктыярчы жигит.

Ушул тапта Султан ыктыярчылыкка досторун, тааныштарын көбүрөөк тарткысы келүүдө. Алардын үчтөн бири Султандын сунушуна кызыгып калышты.

"Бул туурасында айтып берсең көп адам жардамга кол сунгусу келет. Врачтардын жана бейтаптардын жүгүн жеңилдетүү үчүн алар жеке иштеринин баарын жыйыштыра турууга даяр. Медик эле болуп окуп албай деп өкүнүп кеткен учурларым да болду. Анткени ийне сайып, тамчылатма укол да кое албайм, ал эми бейтаптарга азыр бул абдан зарыл болуп турат", — дейт биздин каарман.

Ал ооруканада иштөөгө мүмкүнчүлүгү жоктор да жардамдашууга ашыгып турганын баса белгилейт. Эгер биринчи күнү ыктыярчылар стационарга такси менен барышкан болсо, эртеси күнү эле аларды жеткирип коюуга даяр шаардыктар четтен чыккан.

Анаранын аракети

Анара 27 жашта, каш чийүү боюнча чебер. Ал мурдатан бери эле ыктыярчылык менен алектенүүгө камынып, бирок тобокел тобундагы жакындарынын саламаттыгына зыян келтирбейин деп кооптонгон. Туугандары Бишкектен облуска узагандан кийин гана Анара ойлогон оюн ишке ашырган...

Ооруканага барып, жагдайга күбө болгон соң Анара медиктерге жардамдашуу тууралуу чечими туура болгонуна бекем ынанган.

"Башта үрөй учурган нерселерди унутууга тырыштым. Бейтаптардын көбү энтигип, дем ала албай кыйналышат, анан калса, алардын орточо курагы – 35 жаштан 65 жашка чейин гана. Тепкичтерден араң чыгып-түшүп жаткан врачтарга боорум ооруду. Шайы ооп, чарчап-чаалыгып турса да ишин улантып, ийне сайып, тамчылатма укол коюп жатышты. Алардын ишине көз салып жатып, кол кабыш кылууга тийиш экениме дагы бир ирет көзүм жетти", — дейт бийкеч.

Ушул күндөрү күбө болгон эч бир окуяны көңүлгө жакын албоого аракет кылат, бирок антиш да татаал экенин айтат.

"Палатага баш баксаң адамдар алкап, ыраазычылык билдиришет, жакындарыбызга ден соолук тилешет. Андай убакта сезимди башкарышың кыйын, психологиялык жактан элес албоого тырышасың. Бейтаптардын жакындарынын чыдамы жетпей, жиндерин ыктыярчылардан, медайымдардан чыгарышат. Биз андайга көңүл бурбай, өз ишибизди аткара беребиз", — дейт Анара.

Дарыгерлердин моралдык жүк гана тургай, ушундай кара күчкө кантип туруштук берип жаткандарына таң калат.

"Биринчи күнү үйгө жөө кайттым. Ооруканада болгону беш саат турсак да, буттарым араң шилтенет. Ал эми дарыгерлер суткалап тердеп-кургап иштеп жатышат. Бул өтө кыйын... Медиктерди тикебизден тик туруп кубаттайлы!" — дейт биздин маектеш.

Өзүнөн кичүү балдардын да ыктыярчылардын катарын улам толуктап жатышы Анараны ого бетер шыктандырат. Азыр адамдар бири-бирине кол сунуп, бир муштумдай болуп түйүлүп, аракет кылышууда. Ыктыярчы кыздын пикиринде, элдин күчү – мына ушунда!

sputnik