Ысык-Көл: жол кырсыктан каза болгон үчөө күйөөсү, аялы, баласы болуп чыкты

10 июля 2020 Ысык-Көл: жол кырсыктан каза болгон үчөө күйөөсү, аялы, баласы болуп чыкты

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 297-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Балыкчы шаарына жакын жерде болгон жол кырсыгынан каза болгон үч киши бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болуп чыкты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 9-июль күнү саат 10.20лар чамасында Балыкчы ШИИБине Торугарт — Бишкек автоунаа жолунун 189-чакырымында эки унаа сүзүшкөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, Балыкчы шаарынын 46 жаштагы тургуну айдап бараткан Volkswagen Passat жеңил автомашинасы менен 50 жаштагы айдоочу башкарган Shacman жүк ташуучу унаасы кагышканын аныктаган. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу, анын 42 жаштагы келинчеги жана 12 жаштагы уулу каза болгон. Андан сырткары, сегиз жаштагы кызы, 14 жана 16 жаштагы эки бала түрдүү жаракат менен шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген", — дешти милициядан.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 297-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

sputnik