Апасынан айрылган кыз: "Гансиде" ачылды делген реанимациялык блок иштеген жок

10 июля 2020 Апасынан айрылган кыз: "Гансиде" ачылды делген реанимациялык блок иштеген жок

Түндө абалы оорлошкон аялды балдары реанимацияга жаткыра албай коюшкан. Тилекке каршы, бейтап таңга жуук каза болуп калган.

Кечээ, 9-июлда, "Ганси" базасындагы убактылуу ооруканаларда 30 орундуу жандандыруу бөлүмү ачылганы кабарланган. Бирок ал абалы оор бейтаптарды кабыл албай жатканын айтып  окурман кайрылды.

Анын билдиришинче, бүгүн түндө пневмонияга чалдыккан апасынын абалы оорлошуп кеткенде реанимацияга жаткыра албай коюшкан. Тилекке каршы, бейтап таңга жуук каза болуп калган.

"Апам "Гансидеги" ооруканада дарыланып жаткан. Бул жерде "жандандыруу бөлүмү ачылды" деп айтышкан, анысы жок, иштебейт жатат. Түнү менен өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат издеп чыктык. Реанимация да, жасалма дем алдыруучу аппарат дагы жок экен", — деп ыйлады апасынан айрылган кыз.

Деген менен Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова бүгүнкү брифингде жандандыруу бөлүмү иштеп жатканын айтууда.

"Аны ишке киргизиш үчүн акыркы келип жаткан кычкылтек концентраторлор менен камсыз кылып, жетишпей жаткан медиктерди окутуп жөнөткөнгө чейин бир-эки күнгө созулуп кетти. Бирок азыр ал жерде реаниматологдор, дарыгерлер бар, бейтаптарды кабыл алып иштеп жатат", — деп жооп берди Акматова.

Белгилей кетсек, "Ганси" базасында реанимациялык блок ачылды" деп алгачкы жолу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 6-июлда маалымдаган. Бирок анда дагы окурмандар кайрылып, жандандыруу бөлүмү иштебей турганын, кычкылтек концентраторлору жок экенин билдиришкен.

Буга Медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов жооп берип, 8-июль күнү саат 17.00дөр чамасында ишке киргизилгенин айткан. Андан бери эки күн өтсө да, кайра эле даттануулар түшүп жатат.

Эске салсак, "Манас" аэропорту жактагы Американын мурдагы "Ганси" авиабазасына 600 орундуу оорукана уюштурулган. Кошумча дагы талаа госпиталы даярдалган.

sputnik