Көлдө жүк ташыган унаа менен кагышкан машинанын үч жүргүнчүсү мерт болду. Сүрөт

10 июля 2020 Көлдө жүк ташыган унаа менен кагышкан машинанын үч жүргүнчүсү мерт болду. Сүрөт

Каргаша Балыкчы — Кочкор жолунун төртүнчү чакырымында каталып, Volkswagen Passat жеңил автомашинасы менен Shacman жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн.

Балыкчы шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталып, үч адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, окуя 9-июль күнү саат 10.00дөр чамасында Балыкчы — Кочкор жолунун төртүнчү чакырымында болгон. Анда Volkswagen Passat жеңил автомашинасы менен Shacman жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн.

Анын кесепетинен 46 жаштагы эркек, 42 жаштагы аял жана 12 жаштагы өспүрүм көз жумган. Ал эми сегиз жаштагы кыз, 14 жана 16 жаштагы эки бала ооруканага Тез жардам унаасы менен жеткирилген.

Каргаша болгон жерге ӨКМдин төрт куткаруучусу, дарыгерлер жана милиция кызматкерлери барган.

sputnik