Адис Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун вируска каршы күрөшүүдөгү ордун айтып, кемчиликтери болсо дагы мекеме жалпыга керек экендигин белгилеген.
АКШда коронавирус менен күрөшүп жаткан жумушчу топтун башкы эксперти Энтони Фаучи Италиянын Corriere Della Sera басылмасына маек берип жатып, дүйнө COVID-19 пандемиясынын алгачкы стадиясында экенин билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биз Бразилия,Түштүк Африка өлкөлөрүндө жана Азияда оорунун ири очоктору катталып жатканын көрүп жатабыз. Ошондуктан азыр пандемиянын башындабыз. Ал басаңдабай эле күчөшү мүмкүн", — деген эксперт.
Фаучи Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун вируска каршы күрөшүүдөгү ордун айтып, кемчиликтери болсо дагы бул уюм дүйнөгө керек экендигин баса белгилеген.
Эске салсак, дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны 12 миллиондон ашты.