9 000ден ашты! Коронавирус дагы 511 кишиден табылды

10 июля 2020 9 000ден ашты! Коронавирус дагы 511 кишиден табылды

Адис буга чейин Кыргызстанда коронавирус боюнча кырдаал эң начар сценарийлердин бири менен өнүгүп жатканын билдирген.

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус дагы 511 кишиден табылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

  • Бишкек шаары – 260;
  • Чүй облусу - 104;
  • Ош шаары - 27;
  • Ош облусу - 20;
  • Жалал-Абад облусу - 29;
  • Баткен облусу - 16;
  • Ысык-Көл облусу - 26;
  • Нарын облусу - 26;
  • Талас облусу - 3.

Ушуну менен коронавируска кабылгандардын саны өлкөдө 9 358ге жетти.

sputnik