Апокалипсис тууралуу фильмдердин фанаттары пандемияга даяр болуп чыкты

8 июля 2020 Апокалипсис тууралуу фильмдердин фанаттары пандемияга даяр болуп чыкты

Чикаго университетинин психологдору апокалипсис тууралуу кино сүйүүчүлөр үчүн пандемия менен күрөшүү оңой экенин аныкташты. Жер жүзүндө тарап жаткан илдетке алар башкаларга караганда психологиялык жактан алда канча даяр болуп чыккан.

Окумуштуулар 310 ыктыярчыдан сүйүктүү фильмдери жөнүндө сурамжылоо жүргүзгөн. Мындан кийин алардын абалына пандемия кандай таасир тийгизип жаткандыгын аныктоо үчүн психологиялык тест тапшыртышкан.

Натыйжада зомби апокалипсис тууралуу фильмдерди сүйүп көргөндөр дүрбөлүңгө түшпөй, ажиотаж кылбай, тынч жашай берери белгилүү болгон. Алар кырдаалды акылдуулук менен анализдеп, тартипке баш ийгенде гана пандемияны жеңүүгө болорун түшүнүп, өздөрүн обочо кармашкан.    

Муну Чикаго университетинин психологу Колтан Скривнер: “Аталган фильмдердин көрөрмандары сценарийди кайталап, жашоого каармандардын көзү менен карап калышат”, - деп түшүндүрдү.  

Психологдор: “Эгер сиз бир эле кырдаалды кинодон жүз жолу көрсөңүз, ал сизди таң калтырбай калат”, - деп жыйынтыкташкан.