Жакында эле демөөрчүлөр 19 кычкылтек концентраторун алып беришкен. Облус жетекчиси дагы жардам сурап кайрылды.
Нарындын ооруканаларында кычкылтек концентратору жана өпкөнү жасалма дем алдыруу (ИВЛ) аппараты жетишсиз болууда. Бул туурасында өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, облустук жана райондук ооруканаларда учурда 153 кычкылтек концентратору пайдаланылып жатат, дагы 300дөй аппаратка муктаждык жаралууда. Ал эми өпкөнү жасалма дем алдыруучу 28 аппарат бар, дагы ушундай 17 жабдуу жетишпей жатат.
"Бизде орун даярдалганы менен медициналык жабдуулар жетишсиз болууда. Учурда колдогу аппараттар менен медиктерибиз кырдаалдан чыгып жатат. Жакында эле демөөрчүлөр 19 кычкылтек концентраторун алып беришти. Жолдо дагы келе жатканын айтышууда. Жардам берем деген колунда бар мекендештерибизге абалды түшүндүрүп кайрылып жатабыз. Ошону менен бирге кыйналган элге колдоо көрсөткөндөргө чоң ыраазычылык билдирем", — деди Алымкулов.
Ал мамлекеттик бюджеттен дагы керектүү медициналык жабдууларды алууга каражат бөлүнүп жатканын кошумчалады.
Алымкулов облус аймагындагы базарлардын ишине чектөө киргизилип жатканына токтолду.
"Борбордук базарлар саат 16:00гө чейин, ал эми мал базарлар жумасына бир жолу саат 14:00гө чейин иштеп жатат. Ал жерлерде Санэпидкөзөмөл кызматынын көрсөтүп берген алгоритмине ылайык ӨКМдин кызматкерлери өз убагында дезинфекциялык иштерди жүргүзүүдө", — деди өкүл.