Кыргызстанга салыштырмалуу өлгөндөр аз. Коңшу өлкөлөрдө абал кандай болууда

8 июля 2020 Кыргызстанга салыштырмалуу өлгөндөр аз. Коңшу өлкөлөрдө абал кандай болууда

34 миллион калкы бар Өзбекстанда коронавирустан 40 гана адам каза болгон. Тажик бийлиги дагы өлкөдө оору жуктургандардын саны азая баштаганын айтууда.

Кыргызстанда соңку 10 күндөн бери эпидемиологиялык кырдаал оорлошуп, COVID-19 жуктурган жана андан каза тапкандардын саны өсүп жатат.

Казакстан

Бул өлкөдө 51 059 казакстандык коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Анын ичинен 16 928 адам айыгып чыкса, оору 264 бейтаптын өмүрүн алган. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кечээ, 7-июлда, пневмония менен 28 миң адам ооруканага кайрылып, анын ичинен 330 бейтаптын абалы оор экенин айткан. Мындан айыккандар жана каза болгондор тууралуу маалымат берген эмес.

Өзбекстан

7-июлга карата жарыяланган статистика боюнча, Өзбекстанда COVID-19га кабылгандардын саны 10 587 адамды түзөт. Анын арасынан 6 690 бейтап сакайып, 40 адам ажал тапты. Соңку күндөрдү каза болгондор көбүрөөк катталууда. Өзбек бийлиги пневмония боюнча өзүнчө маалымат бербейт.

Тажикстан

Өлкөдө коронавирус илештиргендердин саны 6 315ке жетип, 4 965 киши айыгып чыкты. Ошол эле учурда 53 тажикстандык ажал тапкан. Бирок соңку үч күндөн бери көз жумгандар каттала элек. Тажикстан дагы өпкөнү сезгенткен оору боюнча статистиканы жарыялабайт.

Кытай

Оорунун очогу чыккан өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал басаңдаган. Коронавирус жуктургандардын саны 84,9 миң бойдон турат. Айыккандар 79,7 миң, каза болгондор 4 641 адамды түзөт.

Россияда

Бир миллионго жакын кыргызстандык жүргөн Россияда 694 230 адам вирус жугузган. Анын ичинен 463 880и айыгып, 10 494ү көз жумду. Пневмонияга чалдыккандар өзүнчө каралган эмес.

Ал эми Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын саны 8 486га жетти. Анын ичинен 2 983ү айыгып, 112 адам көз жумду. Аны менен бирге өпкөнү сезгенткен пневмония дартынан бир суткада 44 адам каза болуп, жалпы саны 268ге жетти.

Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, дүйнө жүзүндө 11,8 миллион адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми каза болгондордун саны 543 558ди түзөт, айыккандар 6,4 миллион.

sputnik