8 июля 2020
Ушуну менен март айынан бери өпкөнү сезгенткен оорудан каза болгондордун жалпы саны 268 адамга жетти.
Өлкө аймагында кечээтен бери 44 бейтап пневмония оорусунан улам каза тапты. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Анын ичинен 30 адам Бишкекте, 14 киши өлкөнүн башка аймактарынан катталган. Ушуну менен март айынан бери жалпы каза болгондордун саны 268 адамга жетти.
Жалпы жонунан 3 695 бейтап пневмония менен ооруканага кайрылган. Бүгүнкү күндө 1 907 адам айыгып чыкты.