8 июля 2020
Коронавирус жуктуруп алып каза болгондордун саны 112ге жетти. Ал эми пневмониядан көз жумгандар өзүнчө эсептелүүдө.
Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус 13 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Ушуну менен коронавирус жуктуруп алып каза тапкандардын саны 112ге жетти.