Кытай: автобус сууга кирип кетип, 21 окуучу каза тапты. Трагедиянын видеосу

8 июля 2020 Кытай: автобус сууга кирип кетип, 21 окуучу каза тапты. Трагедиянын видеосу

Ичинде бир топ жүргүнчүсү бар автобус жол боюндагы бетон тосмолорду талкалап өтүп, сууга кирип кеткен.

Кытайдын түштүк-батыш тарабындагы Гуйчжоу провинциясында окуучулар түшкөн автобус суу сактагычка түшүп кеткен. Анын ичиндеги жүргүнчүлөрдөн 21 бала каза таап, 15и жабыркаган. Трагедия кечээ чак түштө болгон.

Камерага түшүп калган видеодон транспорт жолдон бурулуп келе жатып жээкти көздөй түз өтүп, жол боюндагы бетондорду талкалап, сууга киргенин көрүүгө болот. Учурда тартип коргоочулар кырсыктын себебин изилдеп жатат.

sputnik