Сейтек Дүйшөналиев: "Биз идеологияны кыргыз салттарынан жана Манастан алып келебиз"

9 октября 2018
Сейтек Дүйшөналиев: "Биз идеологияны кыргыз салттарынан жана Манастан алып келебиз"

Кыргыз тарыхын сактап калууну көздөп, бир топ долбоорлордун үстүндө иштеп келген “Кыргыз эл” кыймылынын мүчөсү Сейтек Дүйшөналиев менен болгон маекке көңүлүңүздү бурабыз.

-Кыргызстандын азыркы абалын кандай сүрөттөйт элеңиз?

-Кыргызстанда мурункудай эле: карапайым калк өздөрүнүн маселесин чечүү менен алек, ал эми өкмөт менен депутаттар өздөрүнүн тар корпоративүү маселесин чечүүгө далалат кылып жатат. Жалпысынан элибиз күчтүү жана өз маселесин өзү чече алат.

 

-Учурда “Кыргыз эл” кыймылы кандай иш алпарууда?

-“Кыргыз эл” өз миссиясын долбоорлор аркылуу ишке ашырып келет:

Өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча “Хан Манас” мелдеши жыл сайын өткөрүлүүдө. Ага Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан, Орусиядан, Ооганстандан 400дөн ашуун жаш спортчулар катышышат. Мелдештин максаты – Манас принциптери менен жаштарды тарбиялоо: улуттун биримдиги, элдин жана мамлекеттин көз карандысыздыгы. Бул жылы мелдеш 6-жолу өткөрүлмөкчү.

Ошондой эле «Макал-Ылакап» долбоорунун алкагында футболкаларды чыгарууну пландап жатабыз. Аларда «Жерин сүйбөс эл болбойт, элин сүйбөс эр болбойт», Элге эл кошулган дөөлөт, элден эл бөлүнгөн мээнет», «Кыргыз болуп туулган соң, кыргыз боло билели» деген макалдар болмокчу. Бул долбоордун алкагында 2005-20015-жылдар аралыгында 2000ден ашуун футболкалар чыгарылып, чек арага жакын жайгашкан аймактардын жашоочуларына, спортчуларга, маданият жана укук коргоо кызматкерлерине тапшырылган.

Электрондук санжыра долбоорун ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Башын баштап койдук. www.sanjyra.kg аттуу сайт ачылды.

Ошондой эле билим берүү долбоорунун үстүндө иштеп жатабыз. Жакынкы убакта биз ал тууралуу кененирээк айтып беребиз. Долбоордун маңызы жаны технологияларды иштеп чыгууга жөндөмдүүлөрдү колдоодо.

-Эмгек миграциясы болуп көрбөгөндөй чекке жетти. Муну кантип токтото алабыз?

-Эмгек миграциясы дайыма болуп туруучу процесс. Андан маселе жаратуунун кереги жок. Бул жерде эч кандай жаан нерсе жок. Мигранттардын квалификациясы төмөн болгону жаман. Биз эмгек мигранттарынын квалификациясы жогору болуп, тиешелүү жумуш менен камсыз болуусу үчүн болгон аракетибизди жумшашыбыз зарыл.

-Кыргызстандагы трайбализмди жоюу үчүн эмне кылуу керек?

- Трайбализмди жоюу үчүн ага болгон мамилени өзгөртүү керек. Азыр биздин коомдо илгертеден калган санжыра басымдуулук кылат. Бирок Кыргызстандагы трайбализм мисалы, индиялыктардыкынан айырмаланып турат. Кыргыз трайбализми – бул санжыра. Ал эми санжыра болсо улутту бириктирүү институту. Аксакаладар: «санжыра элди бөлбөйт, санжыра элди бириктирет» деп бекеринен айтышпаса керек. Биздин санжыра бир ата-бабадан келет – Долон бийден жан бул баарыбызды бир тууган кылат. Бир туугандар бири-бирин кантип жаман көрүшөт...?

Ар бир кыргыз өзүнүн санжырасын билиши зарыл. Ошондо ысык-көлдүк Тагай бийдин урпагына алайлык Адигине бийдин урпагы тууган экенин түшүнөт. Таластык кушчу, жалал-абаддык кутчуга жакындашат. Биздин санжыраны бириктирип турган феномен тууралуу жакшы ойлонуп чыгуубуз керек.

-Азыр чөнтөгүндө акчасы, жогору жакта таанышы бардын баары эле эл өкүлү болууга аттанат буга эмне дейт элеңиз?

-Бүгүнкү күндө баары депутат болгулары келет... Бирок кимдин акчасы жана таанышы болсо гана депутат болушат. Алардын арасында татыктуулары жана абийирдүүлөрү абдан аз. Бүгүнкү саясий систем ушундай...

-Улуттук идеология жок" деп келебиз. Дегеле Кыргызстанга улуттук идеологиянын кереги барбы же жокпу?

-Эгерде эл идеология тууралуу көп сөз кылып жаткан болсо, демек ал керек. 

-Эгерде керек болсо ал кандай болуусу зарыл?

-Бир пикирди айтуу оор болуп турат. Бирок биз идеологияны кыргыз салттарынан жана Манастан алып келебиз.

-Идеологиянын түркүгү маданият деп да айтып келишет. Маданий тармакка эмес пенсияны күнүмдүк керектөөнүн деңгээлине көтөрө албай жатпайбызбы...

-Уинстон Черчиллден маданиятка кеткен каражатты кыскартып, аны армия үчүн жумшоо сунушун айтышканда ал: “Эмне үчүн биз күрөшөбүз?”деген экен. Менин оюмча кары адамдарга кам көрүү да маданият. Эгер маданият жок болсо, карыларга да кам көрмөк эмеспиз...

 

-Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

 

-Сизге да рахмат! Ишиңизге ийгилик!