Бишкек мэриясы буга чейин дем алыш күндөрү автобус, троллейбус жана маршруттук унаалардын жүрүүсүн чектеген чечим кабыл алган.
Өкмөт Бишкекте коомдук транспорт жүрбөгөн дем алыш күндөрү (ишемби, жекшемби) медицина кызматкерлери үчүн атайын транспорт уюштурат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.
“Медицина кызматкерлери үчүн транспорт уюштурулат. Бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлиги менен мэрия биргеликте иш алып барууда”, — деди премьер.
Бишкек мэриясы буга чейин баш калаада дем алыш күндөрү автобус, троллейбус жана маршруттук унаалардын жүрүүсүн чектеген чечим кабыл алган. Пандемия башталгандан бери коронавируска чалдыккандардын саны Кыргызстанда 6 261ге жетти. Оорудан 66 жаран каза болуп, 2 530 киши сакайып чыккан.
Мындан сырткары, пневмонияга кабылып, ооруканага түшкөндөрдүн саны күн сайын өсүүдө. Март айынан бери бул оорудан 97 киши каза болду.