Өкмөт башчы ар кандай митингдерди уюштуруп же шайлоо өнөктүгүнө шылтоолоп элди топтоп, оорунун жайылышына түрткү болбоого үндөдү.
Премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн кайрылуу жасап, шайлоого аттанган партияларды кыйын кырдаалда элге жардам берүүгө чакырды.
Өкмөт башчы кандай гана саясий максаттар болбосун, массалык топтолууларга жол бербөө керектигин белгилейт.
"Саясий партияларды шайлоого жумшай турган каражатыңарды COVID-19 пандемиясы менен күрөшкө берүүгө чакырабыз. Кыйналып турган эл эмгегиңиздерге жана салымыңыздарга карап, кийин шайлоодо туура тандоого барат деп ишенемин. Ошондуктан ушул күндөрү сиздерден чоң жардам күтөбүз", — деп кайрылды Боронов.
Аны менен катар премьер-министр саясий жана башка мотивдерди артка калтырып, бар күчүн эпидемиологиялык абалды басаңдатканга жумшоого чакырды.
"Эл башына кыйынчылык күн түшсө, карап турган оңбойт" дейт. Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң! Баарыбыз эл менен бололу!" — деди өкмөт башчы.
Сөзүнүн соңунда ар кандай митингдерди уюштуруп же шайлоо өнөктүгүнө шылтоолоп элди топтоп, оорунун жайылышына түрткү болбоого үндөдү.