Бишкекте автоунаа коюп кеткен эки велосипедчендин бири мүрт кетти. Видео

30 июня 2020 Бишкекте автоунаа коюп кеткен эки велосипедчендин бири мүрт кетти. Видео

Кырсык бүгүн саат 10:40тарда катталган. Велосипедчендердин бири ошол жерде каза болуп, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилген. Кырсыкка себеп болгон Audi C4 унаасынын айдоочусу кармалды.

Бишкекте автоунаа сүзүп кеткен эки велосипедчендин бири мүрт кеткенин Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматы билдирди.

Видео

Кырсык бүгүн саат 10:40тарда "Манас" аэропортуна кеткен трассада катталган.

"Велосипедчендин бирөөсү окуя болгон жерде каза болгон, экинчиси оор жаракаты менен ооруканага жеткирилген. Audi C4 унаасынын айдоочусу кармалды. Алдын ала маалымат боюнча, ал Бишкек тарапты көздөй келе жатып, велосипедчендерди сүзүп кеткен. Кырсыктын себеби азырынча айтыла элек", — деп билдирет ЖКККББ.

Окуя болгон жерде милиция иш жүргүзүп жатат. Кырсыктын чоо-жайы аныкталууда.

sputnik