COVID-19ду 25 секундда жок кылуунун жолу табылды. Жаңы иликтөө

26 июня 2020 COVID-19ду 25 секундда жок кылуунун жолу табылды. Жаңы иликтөө

Окумуштуулар электр энергиясын үнөмдөөчү кубаттуулугу 13 ватт лампалар 15 чарчы метр бөлмөдөгү коронавирусту өлтүрө аларын далилдешти.

Коронавирусту 25 секунддун ичинде ультра сыя көк менен нурлантуу жолу аркылуу жок кылса болот. Тажрыйба Бостон университетинин жугуштуу оорулар улуттук лабораториясында изилденгенин Biospace порталы жазды.

Микробиолог Энтони Гриффитс башында турган топ бетине COVID-19 жабышкан буюм-тайымдарды ар кандай ультра сыя көк менен нурлантып көрүшкөн.

Жыйынтыгында бир чарчы сантиметр жердеги вирусту 22 мДж кубаттуулугундагы ультра сыя көк нурлары 26 секунд ичинде жок кылары аныкталды.

Ошондой эле окумуштуулар электр энергиясын үнөмдөөчү, кубаттуулугу 13 ватт лампалар 15 чарчы метр бөлмөдөгү коронавирусту өлтүрө аларын делилдешти.

Адистер ар кайсы вирустарды өлтүрүү үчүн ультра сыя көк нурун 40 жылдан бери колдонуп келе жатышат. Бирок ал адам баласы үчүн дагы кооптуу.

sputnik