Штаб өзгөчө абал режимин талкуулап, чечим кабыл алды

26 июня 2020 Штаб өзгөчө абал режимин талкуулап, чечим кабыл алды

Кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилбейт, бирок санитардык нормалардын аткарылышына көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда өзгөчө абал режимин киргизүүгө зарылчылык жок деген чечим кабыл алынды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилбейт, бирок санитардык нормалардын аткарылышына көзөмөл күчөтүлөт.

“Премьер-министр Кубатбек Бороновдун жетекчилиги астында штабда жыйын өтүп, өзгөчө абал киргизүүнүн кажети жок деген чечим кабыл алынды. Бирок бир канча тапшырмалар берилди. Биринчиден, мамлекеттик кызматкерлерди мүмкүн болушунча аралыктан иштетүүнү карап көрүшү керек. Экинчиден Ош, Бишкек жана чоң шаарларда көзөмөлдү күчөтүү боюнча иштер тапшырылды”, — деди Каратаев.

Мындан сырткары, Саламаттык сактоо министрлигине эл арасында санитардык нормаларды сактоо боюнча системалык иштерди күчөтүү боюнча катуу тапшырмалар берилген.

sputnik