4 000ден ашты! Бүгүн өлкөдө дагы 250 адам коронавирус жуктуруп алды

26 июня 2020 4 000ден ашты! Бүгүн өлкөдө дагы 250 адам коронавирус жуктуруп алды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстан баш болгон 11 мамлекетте коронавирус боюнча кырдаал начарлап жатканын белгиледи.

Бүгүн Кыргызстанда дагы 250 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ушуну менен вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 4 204кө жетти. Оорудан 43 киши каза тапты.

sputnik