Бүгүн Кыргызстанда дагы 95 кишиден коронавирус чыкты

18 июня 2020 Бүгүн Кыргызстанда дагы 95 кишиден коронавирус чыкты

Боронов парламенттин жыйынында июндун аяк ченинде вирус жуктуруп алгандардын саны 5000ге чукулдап барарын божомолдогон.

Бүгүн өлкө аймагында дагы 95 адамдан коронавирус чыкканын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Бишкек — 49;

Чүй облусу — 14;

Ош — 7;

Ош облусу — 7;

Баткен облусу — 1;

Жалал-Абад облусу — 6;

Талас облусу — 4;

Нарын облусу — 7.

Ушуну менен республика боюнча 2657 кишиден вирус аныкталды.

sputnik