"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет күйөөсү башка аялга кетип калган келиндин каты жарыяланды.
Жолдошум менен бирге түтүн булатып келе жатканыбызга 12 жыл болду. 20 жашка толо электе ага турмушка чыккам. Менден беш жаш улуу. Азыр 30дан аштым. Бул мезгил ичинде баштан көп эле нерсе өттү. Бирок жолдошум мени ар дайым канатына калкалап, жакшы көрөрүн айтып бакты.
Тилекке каршы, экөөбүз балалуу боло алган жокпуз. Бирок "төрөбөйсүң" деп мени бир да жолу ызалантып, ыйлаткан эмес. Ар дайым "буюрса балалуу болобуз" деп колдоп турчу. Анын сүйүүсүнө магдырап жүрүп окуган да жокмун, өз алдымча иштеп да кеткен жокмун. Айтор, таап, алып келгенине, өзүнүн бар экенине сүйүнүп жүрө бердим. Жолдошумду аябай жакшы көрчүмүн, азыр да жакшы көрөм. Балалуу болобуз деп барбаган дарыгер, көрүнбөгөн көз ачык калган жок. Бирок жыйынтык чыкпады. Акыры бала багып алууну чечтик. Бирок ал дагы оңой чечилчү маселе эмес экен. Ошентип жүрүп 10 жыл көз ачып-жумганча өтүп кетти. Үйдө отуруп зериккенде тырмак жасап, каш тергендин курсун окудум. Бирок көңүлүм чаппай аны таштап салдым. Кийин жолдошум менен дүкөн иштете баштадык. Ал буга чейин эле чакан ишкерлик менен алектенчү. Экөөбүз чогулуп кездеме саткан дүкөн ачып, ага жардамдашып жүрдүм. Ошентип жүргөн учурда туугандарыбыздын биринин кызынын боюна бүтүп калганын уктум. Бирок ал баланы каалабаптыр. Күйөөм экөөбүз ата-энеси, өзү менен сүйлөшүп багып алмай болдук. Бардыгын макулдашып, баланы төрөөрү менен өзүбүзгө жаздырып багып алдык. Азыр ал уулубуз бирге чыгайын деп калды. Жашообуз ушундай жакшы нукта уланып келе жатып эле үйдөн кут качты. Тагыраагы, күйөөм башка аял менен мамиле кура баштаганын билип калдым. Ал биз иштеген соода жайдагы келин экенин да билдим. Кийин тааныштарыман угуп, жолдошумдун аны менен кат жазышып жүргөнүн телефонунан окуп калдым. Асманым жерге кулап, бутум баспай калды. Ушунчалык ишенип, сүйгөн күйөөмдөн негедир мындай жорукту күтпөптүрмүн. Бир ай өзүмө келе албай, ал тургай баламды жерип жүрдүм.
Бала менен үйдө отуруп калганда эмнегедир күйөөмөн көп нерсени талап кылып, аны менен көп уруша баштагам. Балким, буга ошол нерсе да себеп болду го деп өзүмдү күнөөлөдүм. Өзүмдү таптакыр таштап салдым. Кечирим сурайбы десем күнөөсүн мойнуна алып да койгон жок. Таптакыр башкача болуп өзгөрүп кетти. Акыры уулумду алып апамдардын үйүнө басып кеттим. Төркүнүмдө жашап жатканыма беш ай болду. Эмне кылышты билбей, өзүмө келе албай жатам. Мен ага байланып, ансыз эч нерсе кылбай көнүп алыптырмын. Иштейин десем балам бар. Ата-энемдин мойнунда да отургум келген жок. Мен кеткенде жолдошум артыман кечирим сурап келген жок. Болгону "балам экөөңөргө жардам берип турам, баары менен камсыз кылам" деп айтты. "Ыраазымын, эч нерсенин кереги жок" деп намысымдан айттым. Мени ызалантканы ал менден кечирим сураган жок, мага болгон сезимдери өчкөнүн көзүнөн сездим. Жашоом токтоп калгандай, өзүмдү ушунчалык жалгыз сезип жатам. Жаңы жашоону эмнеден башташты да билбей калдым. Эч качан "күйөөм жок болуп калса, жалгыз кантип жашап, кантип жан багам" деп ойлобоптурмун. Эң биринчи өзүмдү тапканга психологдон кеңеш сурайт элем. Күйөөм менен тиги келиндин чогуу жашап, бирге жүргөнүн элестеткенде жашагым келбей кетип жатат. Ызадан, кызганычтан муунуп, өзүмдү өзүм жеп, үйдө отуруп жинди болгону калдым. Кеңешке абдан муктажмын...
Жизель Малиева, психолог:
--Түгөйлөр үй-бүлө курардан мурда же үй-бүлө кургандан кийин деле акча жаатында, социалдык жактан да, инсандык, моралдык жактан да тең өсүшү керек. Башкача айтканда, тең болгону жакшы. Анткени бирөө экинчисинен кайсы бир жагынан өсүп-өнүгүп кетсе, жоопкерчиликтин баары ошонун мойнуна артылат. Кат жазган келиндин үй-бүлөсүндө дагы жоопкерчилик бир эле кишинин мойнуна жүктөлүп калгандай.
Аял киши күйөөсүнө ачыла элек китептей кызыктуу болушу керек. Кандай болгон күндө да бир нерсеге кызыгып, хоббиси болуп, аны менен алектениши шарт. Үй, бала, тиричилик деп жүргөн аялдар айрым учурда эркекке кызыксыз болуп калат. Анткени көпчүлүгү өзүн карабай таштап коёт. "Сен ушундай эле сулуусуң" деген менен баары бир эркекке өзүн караган аял жагат.
Аял киши күйөөсүнө таянып жүрө бербей өзү да бир нерсеге кызыгып, аракет кылганда жыйынтык башкача болот. Биринчи кезекте өзүнүн артыкчылыктарын көрө билип, аны колдонгон жакшы. Ар бир адамдын артыкчылыгы болот. Аны айрымдары билбейт.
Кат жазган келин жолдошун атасындай көрүп алган. Анын канатына калкаланып, дайыма андан бир нерсе күтүп, үмүт этет. Мисал катары алсак, "сууну мага күйөөм куят, баары күйөөмө байланыштуу" деп жоопкерчиликтин баарын ага оодарып салган. Мындай болбойт. Аял сууну өзүнө-өзү куйганды, өзүн өзү өстүргөндү үйрөнгөнү жакшы. "Үйдө отурбай эркек менен кошо жарышып иштесин" деп үндөбөйм, бирок өзүнүн эмнеге кызыгарын түшүнүп, жок дегенде ошо менен алек болгону дурус.
Кат жазган келин алгач күйөөсү менен мамилени ачык отуруп чечишип алсын деп кеңеш берет элем. Аны күтүп, үмүттөнүп же болбосо ар кайсыны ойлоп жата бербей ачык сүйлөшүүсү керек. Эгер экөөнүн мамилесине чекит коюла турган болсо, экөө тең акыркы чечимин кабыл алса, анда бул келин белин бекем бууп, жаңы жашоону коркпой баштаганы оң.
Элге аралашсын, көпчүлүккө чыгып, курбулары болсо аларга арыз-муңун айтып, ичиндеги букту чыгарып алсын. Аял коомго аралашып, эл менен иштеше баштаганда көп нерсеге көзү жетип, жашоого болгон көз карашы да өзгөрөт. Аял киши бирөөнөн эле сүйүү, мээрим күтө бербей өзү да аны башкаларга бергенди үйрөнүшү керек. Качан гана өзүн жакшы көрүп, өзүнүн артыкчылыктарын көрө билип, аны колдоно баштаганда бактылуу болот.
Келинге кеңешим сөзсүз психологго кайрылыңыз, бетме бет отуруп ичтеги сезим, ойду айтып аны менен бөлүшүңүз. Эркектин башка менен жүрүп кетишин кабыл алуу, кечирүү абдан оор. Ага абдан көнүп алсаңыз эки эсе оор болуп жатышы ыктымал. Ошондуктан тез арада адиске барып, кеп-кеңеш алса, ашыкча болбойт.