Бишкектеги ресторанга куран окутууга барган конокторго айып салындыбы? Жооп

12 июня 2020 Бишкектеги ресторанга куран окутууга барган конокторго айып салындыбы? Жооп

Жакында эле чектөө киргизилгенине карабастан Бишкектеги ресторандардын биринде куран окутуу болгон. Айрым ЖМКлар иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары жана аткаминерлер барганын жазып чыгышкан.

Борбор калаадагы "Кайнар" ресторанына куран окутууга барган конокторго мыйзам боюнча айып салынбайт. Бул тууралуу шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев брифинг учурунда билдирди.

Жакында эле чектөө киргизилгенине карабастан аталган ресторанда куран окутуу болгон. Мындан улам ресторан администрациясы 3 000 сомдук айыпка жыгылган. Айрым ЖМКлар куран окутуу иш-чарасына Жогорку Кеңештин депутаттары жана аткаминерлер барганын жазып чыгышкан.

Кундашев эгер алдын ала бул боюнча маалымат түшсө, массалык иш-чараны өткөрүүгө тыюу салынмактыгын баса белгиледи.

"Биз, милиция жана акимиат кызматкерлери, иш-чара болуп жаткан жерге барып, бул иш-чарага тыюу салмакпыз", —деди ал.

Белгилей кетсек, өлкөдө өзгөчө кырдаал режими алына элек. Ошондой эле бир катар мекемелердин ишмердүүлүгүнө да уруксат берилген эмес. Анын ичинде өлкөдө той-аштарды уюштурууга да азырынча болбойт.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 2166га жетип, андан 1668и айыкты. Тилекке каршы, оорудан 26 бейтап көз жумду.

sputnik