Улуттук гвардиянын аскерлеринен COVID чыкты. Москвадагы парадга барчу курам алмашат

12 июня 2020 Улуттук гвардиянын аскерлеринен COVID чыкты. Москвадагы парадга барчу курам алмашат

Кыргызстандын аскерлери 24-июнда Москвада Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышууга чакыруу алып, даярданып жаткан.

Улуттук гвардиянын аскерлеринен коронавирус аныкталгандыктан Москвадагы парадга бара турчу 75 жоокер алмаштырылат. Маалыматты Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынан тастыкташты.

Ага ылайык, коронавирус Россиянын борборундагы иш-чарага жөнөй турчулардын арасында эмес, гвардиянын ичиндеги башка аскер бөлүктө аныкталган. Бирок бир имараттын ичинде бардыгы байланышта болушу мүмкүн деген кооптонуунун негизинде парадга бара турган курам өзгөрмөй болду.

"Учурда канча аскер кантип жуктуруп алганын айта албайбыз. Ооругандар стационарга жеткирилип, байланышта болушу мүмкүн дегендер гвардиянын ичинде обсервацияга алынды. Вирустун тездик менен жайыларын эске алып маанилүү иш-чарага башка жоокерлерди жиберүүнү чечтик. Алар Улуттук гвардиянын ичиндеги эмес, Куралдуу күчтөрдүн башка аскер бөлүгүндөгү кызматкерлер болот. Биз ал жакта мурдатан резерв катары эки курам даярдаганбыз, ошонун бирөөсү барат", — деп билдирди Генералдык штаб.

Эске сала кетсек, Улуттук гвардиянын 79 аскери (төртөө резевр) 24-июнда Москвада Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышууга чакыруу алып, даярданып жаткан болчу.

sputnik